Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 17.09.2019 19:11

Кара-Көлдүн мектептеринде «Атам, апам жана мен» мелдеши башталды

Turmush -  Кара-Көл шаарынын мектептеринде «Атам, апам жана мен» аталышындагы спорттук мелдештер өтүүдө. Бул тууралуу шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Мырзалиева билдирди.

Анын айтымында, иш-чара ата-энелерди мектеп турмушуна тартуу, жаштарды спортко үндөө максатын көздөйт.

«Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясында ата-энелер менен байланышты чыңдоо максатында "Атам, апам жана мен" аттуу спорттук мелдеш өттү. Ага 4-класстын ата-энелеринен куралган командалар активдүү катышты. Класс жетекчи Эркинбай кызы Бегимжан жалпы ата-энелерди ынтымакка, достукка чакырып, мектеп менен ар дайым тыгыз байланышта болууга үндөдү. Ушундай иш-чаралар башка мектептерде дагы улантылат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×