Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 17.09.2019 21:21

Кадамжай районунун Күлдү айылында таза суу чыгарылды

Turmush -  Кечээ, 16-сентябрда Кадамжай районунун Күлдү айылы таза суу менен камсыз болду. Бул тууралуу акимчиликтен кабарлашты.

Маалыматка караганда, айылга таза суу 2 чакырым алыстан тартылып келген. Ага жалпы 1 млн 205 миң сом акча жумшалды. Аны менен айылдын 3 көчөсү таза суу менен камсыз болду. Тактап айтканда, бул таза сууну 2573 адам пайдаланат. Мындан сырткары дагы бир көчө 1 айдын ичинде таза суу менен камсыздалат.

Буга чейин Күлдү айылында таза суу жок болгондуктан эл сууну коңшу айылдардан ташып келишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×