Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуАлай району 17.09.2019 17:52 На русском

Жоолук чыры: Алайда мектеп директору менен окуучу кыздын апасы кайым айтышты. Видео

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Алай районунда мектепке жоолук салынып барган окуучу кыздын апасы менен мектеп директорунун кайым айтышуусу социалдык тармактарга жарыяланды. Чөнтөк телефонго тартылып алынган видеодон директор окуучу кыздын жоолугун чечкенге аракет кылганын көрүүгө болот.

Окуя Алай районунун Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү Э.Мурзаев атындагы орто мектепте болгон. Видео социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан талкууга алынып, айрымдары жоолук салынган кыз окуучулук күндөрүн бантик тагынып өткөрсө болмок дешсе, айрымдары Кыргызстан светтик өлкө экенин айтып, кээ бири жоолук билим алууга эч кандай жолтоо болбой турганын билдиришти.

Мектеп директору Зина Абдыкадырова аймактык кабарчыга аталган окуучу кызга жаңы окуу жылы башталгандан бери түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн, жоолукту кыздын макулдугу менен чечкенге аракет кылганын билдирди.

«Биздин мектепте ушул эле кыз жоолук салынып келет. Мен "кызым, мектепте башка окуучулардай болуп эле жоолугуңду алып сал, кетип бара жатканда салынып аласың" десем, ал "апамдан сурайын" деген. Апасы 3 күн бою кызы менен кошо бардык сабактарга катышты. Кыз өзү жоолугун чечүүгө макул, бирок апасы каршы болуп жатат. Кыздын үй-бүлөсү динге берилип, баары жоолук салынат. Буга чейин класс жетекчиси, директордун тарбия иштери боюнча орун басары да түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Негизи окуучулар мектепке бирдиктүү форма кийип келүүгө милдеттендирилген», - деди З.Абдыкадырова.

Ал эми Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мамашарип Мусаев аталган окуя териштириле турганын айтты.

«Бул боюнча маалыматым бар. Мектептерде атайын бирдиктүү форма бекитилген. Окуучу кыз мектептен билим алышы керек. Алай району боюнча ушул окуучудан башка бир дагы окуучунун мектепке жоолук салынып келгенин уга элекмин. Социалдык тармактарга тараган видео боюнча териштирүү иштери жүргүзүлөт», - деди ал.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймагы боюнча башчысы Ысакбай Мурзабековдун айтымында, мектептерде жоолук салынууга тыюу салынган эмес.

«Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан окуучуларга бирдиктүү форма иштелип чыккан. Бирок жоолук маселеси каралган эмес. Мындайча айтканда, салынсын же салынбасын деген эреже жок, тыюу да салынган эмес. Биз райондорго барганда дагы ата-энелер тарабынан ушул маселе боюнча көп суроолор берилет. Жоолук боюнча бир мыйзам иштеп чыгыш керек. Негизи кыздар ак жоолук салынып мектепке бара берсе болот. Ал эми баланы ар бир ата-эне өзү тарбиялайт. Бирок ата-эне баланы мектепке жибербей коюуга укугу жок, мыйзам ага жол бербейт. Ар бир бала 9-класска чейин билим алууга милдеттүү», - деди Ы.Мурзабеков.

Педагогика илимдеринин доктору, профессор Сатканбай Момуналиевдин айтымында, жоолук билим алууга эч кандай тоскоолдук жаратпайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×