Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 17.09.2019 17:32

Кадамжайда Баткен окуясында каза болгон жоокерлер эскерилди

Turmush -  Бүгүн, 17-сентябрда Кадамжай районунда Баткен окуясында каза болгон жоокерлерди эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу акимчиликтен билдиришти.

Маалым болгондой, эскерүү кечеси алгач Кадамжай районунун Сырт айылында өтүп, экстремисттик күчтөргө каршы күрөштө мамлекеттин бүтүндүгүн коргоп каза болгон жоокерлер Аркабаев Таирбек, Даминов Алижан, Көчөрбаев Замирбек, Намазбеков Данияр, Рахматуллаев Замирбек, Саматов Куштарбек, Төрөбеков Мелиске арналып тургузулган 7 баатыр эстелигине гүлчамбар коюу менен башталды. Андан ары иш-чара Айдаркен шаарында уланып, Баткен окуясынын кесепети боюнча илимий конференция өттү. Илимий конференцияда атайын резолюция кабыл алынып, анда каза болгон жоокерлердин жөлөк пулун көтөрүү, Баткен окуясы тууралуу маалыматтарды мектептерде окуу программасына киргизүү жана башка сунуштар кабыл алынды.

Аталган иш-чарага Кадамжай районунун акими Алгынбай Имаров, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жана ардагерлер катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×