Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Чүй облусуПанфилов району 17.09.2019 17:13

Панфиловдогу арыктын «картасын» түшүргөн эшек

Turmush -  Чүй облусунун Панфилов районундагы Орто-Кайырма айылынын тургундары үчүн Калмак-Алыш өтө маанилүү деп эсептелет. Жергиликтүү тургундар ал аркылуу агып келген суу менен эгин талааларын сугарышып, айыл чарба жумуштарын жүргүзүшөт. Ал эми Калмак-Алыштын аталышы боюнча түрдүү версияларды айтып келишет.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, элибизде жер-суулардын аталышы, этимологиясы боюнча изилдөөчүлөрдүн пикирлери көп. Айрымдары тарыхый фактылар менен тастыкталса, кээ бирлери элдик уламышта айтылат.

«Жердин тарыхы ошол аймакта жашаган элдин тарыхы, тагдыры менен канатташ, тизгиндеш, үзөңгүлөш. Ошондон улам айрым жер-суунун аттары адам аттарынан коюлуп, ошонун айланасында жалпы журттун жашоосу ачыкталып аныкталат. Кээ бир аймактар белгилүү бир окуянын тарыхын чагылдырат. Элдик уламышка айланып, кылымдарды карытып келет. Мисалы, Айгүл-Тоо, Кыз-Көл, Беш-Терек, Токмок, Сокулук, Төө-Ашуу, Чычкан жайлоосу жана башкаларды айтууга болот. Бул өңүттөн алып караганда, Панфилов районундагы Калмак-Алыштын аталышы да уламышка айланып, калк катмарына сиңип кеткен. Анын качан, кандай кырдаалда, жагдайда аталып калганына айрымдар назар таштап, аңдоо деле салбайт. Тек гана атын айтып, географиялык аталышын көндүм адатта колдоно беришет.

Совет бийлиги орноп, жамаатташтыруу жылдарында Орто-Кайырма айылында кыргыздар менен бирге калмактар, чечендер жашаган. Алар жерди айдоо аянтына айландыруу максатында, Орто-Кайырма айылынын үстү жагындагы тоо боорунан арык казып, Кайыңды өрөөнүнөн суу алып келишкен. Калмактар эшекке кум артып, куржундун түбүн тешип коюшкан экен. Эшек тоо боорунан кыялай баскан сайын кум куржундан куюлуп, из түшүргөн. Ошол кум түшкөн издер менен арык казылып, Орто-Кайырмага суу алынып келген. Ушул мезгилде да ошол арык менен келген суудан айыл чарба жерлерин иштетебиз. Ошондон улам ал тоо боорунан келген арык Калмак-Алыш деп аталып келет», - деди тургундар.

Учурда Орто-Кайырма айылындагы Токтогул, К.Жуматаев жана Төлөкул молдо көчөсүндө 100дөн ашык түтүн бар. Элдер дыйканчылык жана мал чарбачылыгы менен алектенишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×