Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Талас облусу, Талас 17.09.2019 19:07

Улуттук көчмөндөр оюндары: Көк бөрү боюнча мелдештерде жеңген командалар аталды

Turmush -  Таласта кечээ, 16-сентябрда башталган Улуттук көчмөндөр оюндарындагы көк бөрү боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү белгилүү болду.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин өкүлү Нурпери Садырбекованын айтымында, Ош облусунун командасы Нарындын командасын 12:0 эсебинде утту. Бишкек шаарынын командасы Ысык-Көлдүн командасын 5:4 эсебинде жеңди. Чүй менен Баткендин командалары күч сынашып, чүйлүктөр 12:2 эсебинде жеңишке ээ болушту.

Бүгүн, 17-сентябрда Талас облусунун командасы менен Нарын облусунун көк бөрүчүлөрү ойноп, Талас командасы 12:2 эсебинде утту. Жалал-Абад менен Ысык-Көлдүн командалары таймашып, көлдүктөр 9:2 эсебинде жеңишке жетишти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×