Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Баткен облусуБаткен району 17.09.2019 10:10

Баткендеги ок атышуу: Чек арадагы окуялардын башталышы жана абалдын курчушунун чоо-жайы. Видео

Turmush -  Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуулардан бир нече адамдар жаракат алды. Turmush басылмасы аталган окуялардын башталышы жана абалдын курчушунун кыскача хронологиясы менен тааныштырат.

14-сентябрда Тажикстан кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы такталбаган аймактарда курулуш иштерин жүргүзүп жатканы кабарланган. Курулуш иштери чек арадагы 3 аймакта жүрүп жаткан.

Алдын ала маалыматтарга караганда, жумуштар Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Максат айылына чектешкен жерде 14-сентябрь күнү саат 11:00дө башталган. Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү Тажикстандын аталган аймактагы жетекчилери менен курулуш иштерин токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнгө аракет кылышкан. Бирок эч кандай майнап чыккан эмес.

Андан тышкары Баткен району менен чектешкен Ворух анклавынын аймагында 2 өткөрүү бекетинин курулушу башталган. Анын бирөөсү Ворух анклавынын түштүк тарабында, Чурха-Баба аймагында курула баштаган. Экинчиси Ворух анклавынын чыгыш тарабында, Кыргызстандын Булак-Башы аймагына чектешкен жерде курулган.

Айрым маалыматтарга караганда, курулуш иштери август айынын ортосунда башталган.

Тажикстандын тургундары Баткен районунун Жака-Өрүк айылындагы Төрт-Көчө аймагында да курулуш иштери үчүн жүк ташуучу унаа менен шагыл төктүрүшкөн.

Ошондой эле 14-сентябрда Баткен районунун Ак-Сай айылынын Төрт-Көчө аймагында жергиликтүү жашоочулар чогулуп, чек ара аймагында курулуш иштерин баштаган тажикстандыктарга нааразычылык билдирген. Тажик тарап Баткен–Исфара жолунун эки тарабына 10 «КамАЗ» шагыл төгүшкөн.

15-сентябрда өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаров жергиликтүү күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен бирге координациялык кеңеш өткөргөн. Анын жүрүшүндө А.Мадумаров кыргыз-тажик чек арасындагы чектешкен аймактарда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, маселени чечүү жолдорун аныктап, кечиктирилгис аракеттерди көрүү, жергиликтүү тургундардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырган болчу.

16-сентябрда Лейлек районунун Максат айылындагы тактала элек кыргыз-тажик чек арасындагы тилкеде тажик тарап курулуш иштерин улантып жаткандыгы белгилүү болгон. Баткен облусунун жетекчисинин орун басары Кеңеш Салихов тажик тарап Кыргызстан тараптан жөнөтүлгөн билдирүүлөргө али жооп бере электигин билдирген.

Ал Тажикстандыктар да Кыргызстан дагы мыйзамсыз курулуштарды куруп жатат деген доомат тагып жаткандыгын айткан. Бирок ал курулуш иштери Кыргызстандын аймагындагы жерлерде жүрүп жаткан. Тажик тарап айтып жаткан Ак-Сай—Көк-Таш жолун асфальттоо иштери токтоосуз улантылып жаткан. Анткени бул жер Кыргызстандын аймагындагы жерлер.

Ал эми Кыргызстан тараптан Дача участогунда өткөрмө бекет курулуп жатканы айтылган. Алар бул боюнча кат да жолдошкон. Кыргызстан эки тараптуу түзүлгөн келишимдерге каршы кадамдарга барган жок. Бирок Тажикстан тарап биринчилерден болуп такталбаган аймактарга курулуш иштерин баштаган.

16-сентябрь күнү кечинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абал курчуй баштаган. Лейлек районунун Максат айылындагы футбол талаасындагы аймакта саат 19:00-19:40 чамасында ок атылган. Окуя болгон жерге тез жардам унаасы жөнөтүлгөн.

Тажик тарап «Максат» чек ара бекетинин байкоочу мунарасын гранатомет менен аткылап, ал күйүп кеткен.

Село Максат Кулундинского айыл окмоту

Аталган ок атышуулардан 1 чек арачы каза болду. Ал «Бөрү» атайын багыттагы отрядынын аскер кызматкери, прапорщик Равшан Муминов экендиги, артында апасы, жубайы жана 3 баласы калгандыгы айтылган.

Тажик тарап биринчи Кыргызстандын Максат айылындагы чек ара бекетин жана убактылуу коюлган Лейлек районундагы Сай чек ара бекетин аткылаган.

Саат 20:00 чамасында Максат айылында болгон ок атышуудан улам 4 чек ара кызматкери, Максат айылынын 6 тургуну, анын ичинен 1 жаш бала (2005-жылы төрөлгөн) жаракат алышкандыгы кабарланган. Каза болгон чек арачы №2021 чек бөлүгүндө кызмат өтөп жүргөнү такталган. Жабыркагандар ошол замат тез жардам аркылуу Кулунду жалпы дарыгерлер-практикалык борборуна жеткирилип, биринчи жардам көрсөтүлгөн соң Лейлек аймактык ооруканасына жөнөтүлгөн.

Андан кийин КРнын Мамлекеттик чек ара кызматы түзүмдүн төрагасы Уларбек Шаршеев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскеринин башчысы, генерал-полковник Раджабали Рахмонали телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн маалымдаган. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен саат 21:30да ок атышуу токтогондугу кабарланган.

17-сентябрда Саламаттыкты сактоо министрлиги Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда 14 адам жаракат алып, алардын бирөөсү (чек арачы) ошол жерде каза болгондугун кабарлап, жаракат алгандардын тизмесин тааныштырган.

Ал эми Мамлекеттик чек ара кызматы болсо абал салыштырмалуу тынч экендигин жана жаракат алгандар учак менен Бишкектеги ооруканага жеткириле тургандыгын билдирген.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Куралдуу күчтөрүнүн аскердик-транспорттук учагы менен Баткен облусуна келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×