Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 15.09.2019 15:52 На русском

«Айрым жетекчилер кайдыгер болуп жатышат»: Чырак менен күн кечирген Жазы-Кечүү айылынын эли

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Электр жарыгы жете элек, 12 айдын 7 айы жол каттамы жок, 4-5 саат ат менен жол жүрүп, башка аймактарга каттоого мажбур болгон Базар-Коргон районундагы Жазы-Кечүү айылынын жашоочуларынан өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев кабар алды.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, өкмөттүн өкүлү менен бирге бир катар жетекчилер барды. Анда элеттиктер 20 жылдан бери айтылып келе жаткан жол, электр жарыгы боюнча маселелерди көтөрүштү.

Айылдыктардын айтымында, Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыяланганын өзгөчө кубануу менен кабыл алышкан, себеби дале чырак колдонуп келген элеттиктерге көңүл буруу болот деп күтүшкөн. Бирок Жазы-Кечүү айылына болгон бийликтин мамилеси өзгөрбөгөнүн, бир топ жылдан бери эле келген бийлик өкүлдөрүнө айтып келишерин билдиришти. Ошол эле тапта айылдагы социалдык объектилерге болгон маселе чечилгенине ыраазычылык дагы айтышты.

«Токойчулар үчүн салынган эски имарат мектеп катары пайдаланып келген. Заманбап спорт залы менен мектеп бүткөрүлдү. Айылдагы авариялык абалдагы ФАП капиталдык оңдоодон өттү. Бул колдоолор үчүн бийликке рахмат айтабыз. Бизге башка аймактар менен байланыштырган жолубузду жана электр жарыкка болгон маселебизди чечип бергиле. Биз бийликке эки эле маселе коюп жатабыз», - дешти элеттиктер.

Облустун башчысы аймактардын абалын жакшыртуу үчүн бир топ алгылыктуу кадамдар жүрүп жатканын, Жазы-Кечүү айылындагы социалдык объекттердин абалы жакшырганын белгиледи. Ошондой эле, ал Жазы-Кечүү айылы өлкө башчысынын да көңүл борборунда экенин, бул маселени чечүү үчүн тапшырма берилгенин айтты.

«Президент Кочкор-Ата шаарында үч райондун эли менен жолукканда ушул айылдын маселеси көтөрүлгөн. Протоколдук тапшырмалар берилген. Президенттин протоколдук тапшырмасына ылайык ушул айылды карап чыкканыбызда, күн нурунан электр энергиясын алуучу жабдыктар менен камсыздоого токтолгонбуз. Улуттук энергохолдинг күн нурунан электр жарыгын алуучу жабдыктар менен камсыздоону, Транспорт жана жолдор министрлиги жолду карап чыгышы керек болчу. Жазы-Кечүү айылын Кызыл-Үңкүр аркылуу байланыштыруучу ат жол төрт жеринен жардырып берүү жолу каралса, калган иштерин ашар ыкмасы менен болсо да бүтөрүп алат элек. Протоколдук тапшырманы аткарууда тиешелүү жетекчилер кайдыгерлик мамиле жасап коюшууда», - деди ал.

Маалым болгондой, Жазы-Кечүү айылы райондун борборунан 110 чакырым алыстыкта турат. Айылда 140 кожолук жашайт, 600дөй адам бар. Андагы айылда 100 орундуу мектеп жана бир ФАП бар. Кышы кар 3 метрге чейин түшүп, кыш 6 айга чейин созулат. Айылдан Сузак району аркылуу гана унаа баруучу жалгыз аяк жол бар. Жаан-чачын катуу жааганда жолду бура тарткан арыктар пайда болуп, кооптуулук жаратат. Октябрь айынан тарта эле каттоого кооптуу болуп калат. Жазы-Кечүүдөн Сузак районуна караштуу Кадуу айылына чейин 20 чакырымдан ашуун жолду ат менен басып өтүшөт.

Жазы-Кечүүдөн Кызыл-Үңкүрдү байланыштырган ат менен өтүүчү жол 18 чакырымды гана түзөт. Ушул жол ачылса элге жеңилдик болорун элеттиктер тынымсыз айтып келишет. Атагы чыккан айылга электр жарыгын Сузак тараптан тартуу үчүн 22 чакырым аралыкка аба чубалгылары тартылыш керек. Эгер 10 КВ аба чубалгысы менен жетсе 44 миллион, 35 кВ электр чубалгылары тартылып, көмөкчү чордон орнотула турган болсо 142 миллион сом жумшалат. Ал үчүн да алгач айылга жол салынышы керек. Андан кийин гана электр жарыгын тартуу аракети башталышы керек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×