Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Баткен облусу, Баткен 15.09.2019 13:57 На русском

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал: Өкмөттүн Баткендеги өкүлү чогулуш өткөрдү

Turmush -  Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаров жергиликтүү күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен бирге координациялык кеңеш өткөрдү.

Чогулуш кечээ, 14-сентябрда Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен аймактарындагы окуяларга байланыштуу уюштурулган. Анын жүрүшүндө А.Мадумаров кыргыз-тажик чек арасындагы чектешкен аймактарда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, маселени чечүү жолдорун аныктап, кечиктирилгис аракеттерди көрүү, жергиликтүү тургундардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Ошондой эле жергиликтүү күч түзүмдөрүнүн жетекчилери коңшу мамлекеттеги кесиптештери менен биргеликте иш алып баруу керектигин айтышты.

Маалыматка караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймактагы курулуш иштери боюнча Баткен жана Согди облустарынын жетекчилери сүйлөшүп жатышат. Учурда Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен аймактарында абал туруктуу.

Кечээ, 14-сентябрда Turmush басылмасы Баткен районунун Ак-Сай айылынын Төрт-Көчө аймагында жергиликтүү жашоочулар чогулганын жазган. Алар чек аранын аймагында курулуш иштерин баштаган тажикстандыктарга нааразы болуп чыгышкан. Тажик тарап Баткен–Исфара жолунун эки тарабына 10 «КамАЗ» шагыл төгүшкөн.

Толук маалымат бул шилтемеде.

Ошондой эле Turmush басылмасы Тажикстан чек арадагы такталбаган 3 аймакта курулуш иштерин баштаганын жазган.

Толук маалымат бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×