Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Нарын облусу, Нарын 15.09.2019 11:06

Нарында айымдардын форуму өттү (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарында айымдардын форуму өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Нарын шаарындагы Ж.Шералиев атындагы искусство мектебинде айымдардын башын бириктирген форум өтүп, ага Жогорку Кеңештин депутаттары — Аида Касымалиева (КСДП), Жылдыз Мусабекова (КСДП), Рада Туманбаева («Республика-Ата Журт») жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, облустун аймактарынан келген активист айымдар катышты. Форумду өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкулов ачып, айымдардын коомдогу ролу, аларга тиешелүү учурдагы көйгөйлөр тууралуу айтып, форумдун ишине ийгилик каалады.

Нарын облусунда жергиликтүү кеңеште 127 депутат айым, 6 жетекчи айым бар. Соңку 9 айдын ичинде облустун аймагында 251 үй-бүлөлук зордук-зомбулукка байланышкан факт, ошондой эле өспүрүмдөр зордук-зомбулукка кабылган 27 учур катталган. Форумдун жүрүшүндө сын-пикирлер, сунуштар айтылып, айымдарды активдүү болүуга чакырышты. Соңунда коомдук иштерге активдүү катышкан бир катар айымдарга сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×