Бөлүмдөр
Ишемби, 23-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 13.09.2019 11:07 На русском

Түнкү клубдун жанында сабалган 26 жаштагы Мунарбек ооруканада каза болду

Turmush -  Жалал-Абад шаарында түнкү клубдун жанындагы жаңжалда ур-токмокко кабылган 26 жаштагы Мунарбек Бекишов ооруканада каза болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга облустук ооруканадан билдиришти.

Дарыгер Абдуламит Сайпидиновдун айтымында, жабырлануучу 13-сентябрда саат 10:00 чамасында үзүлдү.

«Бейтаптын баш мээсинде гематома бар эле, ошол себептүү дагы кан басымы бир түшүп, бир көтөрүлүп жаткан. Ал катуу ур-токмокко кабылып, баш мээси жабыркаган. Организм жаш болгондуктан көтөрө алган жок. Бүгүн таңга жуук кан басымы турукташып, абалы кечээкиге караганда бир аз жакшырган болчу. Бирок саат 10:00 чамасында кан басымы түшүп, үзүлдү. Сөөктү өлүкканага жеткирип беребиз, ал жакта соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлөт. Биз колубуздан келген бардык аракеттерди көрдүк», - деди дарыгер.

Буга чейин Жалал-Абад шаарында түнкү клубдун жанында мушташкан жигиттердин үчөө ооруканада экени жана алардын бири эсине келбей, оор абалда жатканы маалымдалган болчу.

Кечээ ОИИБдин басма сөз кызматы Жалал-Абад шаарындагы «Дина» түнкү клубунун жанында болгон жаңжалдан кийин эки жигит кармалганын билдирген.

Маалыматка караганда, 2019-жылдын 9-сентябрь күнү саат 23:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын Барпы-Сейил көчөсүндө жаңы ачылган «Дина» түнкү клубунун жанында Базар-Коргон районунун 1993-жылы туулган тургуну Б.М.ге бейтааныш жигиттер пикир келишпестиктен улам зомбулук көрсөтүп, ур-токмокко алышкан. Б.М. денесинен жараат алып, Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Аталган факт Жалал-Абад ШИИБде Жазык кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, ага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Тергөө аракетинин жүрүшүндө Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткан Б.М. окуя болгон күнү кийип жүргөн кийимдери далил катары алынып, соттук-биологиялык экспертизалар дайындалган. Ошондой эле бул окуяга тиешеси бар делген адамдардын өздүктөрү аныкталып, шектүү катары 2 жаран тергөөгө жеткирилген.

10-сентябрь күнү Жалал-Абад ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан КРнын ЖПКнын 98-беренесинин негизинде шектүүлөргө карата кармоо токтомдору түзүлүп, Сузак районунун 1997-жылы туулган тургундары А.Т. жана А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Бул мушташка тиешеси бар делип дагы эки шектүү кармалып, 4 шектүү эки айга камакка алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×