Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Ош облусу, Ош 12.09.2019 20:00

Ошто обончу, аткаруучу Рыспай Абдыкадыров эскерилди (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарында обончу, аткаруучу Рыспай Абдыкадыров эскерилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Эскерүү иш-чарасына Р.Абдыкадыровдун жакын санаалаштары, замандаштары жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты. Иш-чара ырчынын ысымы ыйгарылган Ош облустук филармониясынын алдында өтүп, эстелигине гүлчамбар коюлду.

Ош облустук филармониясынын жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасованын айтымында, Р.Абдыкадыров 400гө чукул ырларга обон жараткан.

«Рыспай агабыз өзгөчө адам эле. Анын ырлары менен чоңойдук десем болот. Жакшы ырларды жаратып кеткен, алар элдин жүрөгүндө сакталуу. Урпактарга кала турчу залкар обондорду жаратты», - деди Г.Садыбакасова.

Обончунун замандашы Жолболду Алыбаев Р.Абдыкадыров ырларга өзгөчө жан киргизгенин белгиледи.

«Рыспай агабыз тууралуу айтсак сөз бүтпөйт. Көп адамдардын устаты, чыныгы таланттын ээси болгон. Анын ырлары азырга чейин жашап жатат. Ал адам менен замандаш болуп калганыбыз үчүн сыймыктанышыбыз керек», - дейт Ж.Алыбаев.

Р.Абдыкадыров 1941-жылы 12-январда Кара-Кулжа районунун Кыз-Булак айылында туулган. Ал 1994-жылы 12-сентябрда узакка созулган оорудан улам каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×