Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 12.09.2019 15:52

Ишкердин 20 млн сомдук күнөсканасын шамал алып кетти. Камсыздандыруу уюму эмне дейт?

Turmush -  Каракол шаарынын тургуну Туратбек Абдыкадыровдун 50 сотых жерде жайгашкан күнөсканасы 10-сентябрда болгон катуу шамалдан улам талкаланып калган.

Ишкер Т.Абдыкадыров күнөскананы каттатуу үчүн мамлекеттик камсыздандыруу компаниясына 3 жолу кайрылганын айтат, бирок алар бүгүнкү күнгө чейин каттай электигин айтышкан. Бул боюнча мамлеккеттик камсыздандыруу уюмунун Ысык-Көл облусундагы жетекчиси Рыспек Темиралиев комментарий берди.

Р.Темиралиевдин айтымында, күнөскана ээси бир жолу кайрылып, кеңеш гана сураган.

«Шамалдан жабыркаган күнөскананын ээси чыгым болгондуктан жалпыга маалымдоо каражаттарына «камсыздандыруу уюмуна үч ирет кайрылгам, камсыздандырбай койгон» деп билдирип жатат. Бирок күнөскананын ээси Турат Абдыкадыров бир ирет гана кайрылып, болгону кеңеш алган. Андан башка кайрылган эмес. Камсыздандыруу уюму мүлктү камсыздандыруудан эч качан баш тартпайт», - деди ал.

Ошондой эле, ал: «Мисалы 20 млн сомдук күнөскананын бир жылдык кепилдик каражаты 80 миң сом болмок. Ал эми зыян тарткан ишкер бир жыл мурун кайрылып, кеңеш гана алып кеткен. Бардык жарандарга кайрылып кетерибиз турак жайлардан башка, жеке мүлктөрүн ыктыярдуу түрдө камсыздандырса болот. Аны менен бирге унааларды дагы камсыздандырууга болот», - деп кошумчалады ал.

Буга чейин Ысык-Көл облусунун аймагында 10-сентябрда саат 20:30дарда катуу шамал катталганы, анын кесепетинен бир катар үйлөрдүн чатырлары учуп, Ак-Суу району 10 млн сомго чыгым тартканы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×