Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
12.09.2019 15:02

Караколдогу гүл бакчага Ө.Сейлакуновдун ысымы ыйгарылып, айкели орнотулду

Turmush -  Каракол шаарынын борбордук гүл бакчасына Өмүкен Сейлакуновдун ысымы ыйгарылып, анын стелла-айкели орнотулду, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Иш-чарага анын балдары, жубайы Ж.Исраилова, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана тургундар катышты.

Ө.Сейлакуновдун ысымын борбордук гүл бакчага ыйгаруу токтому 2016-жылы кабыл алынган.
Өмүкен Сейлакунов 1938-жылы Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында туулган. Жогорку билимге ээ болгондон кийин Ош облусунда эмгек жолун баштаган. Кийин 1975-жылы Ысык-Көл жергесине которулуп келип, партиянын Ысык-Көл райондук комитетинин өнөр жай транспорт бөлүмүнүн башчысы, андан кийин Ысык-Көл райондук аткаруу комитетинин курулуш боюнча төрагасынын орун басары болгон. 1975-1979-жылдары партиянын облустук комитетинин өнөр жай транспорт, байланыш бөлүмүнүн башчысы болгон.

«Өмүкен Сейлакуновдун жетекчилиги астында Каракол, Балыкчы, Чолпон-Ата, Бостериге көп кабаттуу үйлөр салынган. Ошондой эле мектеп, автобекет, драм театр, тигүү фабрикасы, бейтапкана курулган. Аны менен бирге 1982-жылы Германиядан зоопарктын долбоорун алып келип курдурган. Ошондой эле, Жеңиш багына баатырлардын бюстарын, эркиндик эстелигинин курулушуна, А.С.Пушкин эс алуу багын жашылдандыруу жана аттракциондорду орнотуу иштерин жасаган. Анын демилгеси менен жолдорго асфальт төшөлүп, жарыктар орнотулган», - дешти замандаштары.

Ал СССР Жогорку Советинин В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгына карата «Артыкчылык эмгеги үчүн» медалы менен сыйланган. Облустук, шаардык кеңеште бир нече ирет депутат болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×