Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 12.09.2019 14:33

«Тагдыры татаал» таза суу: Чака-чайнек көтөргөн баетовдуктар 2,4 млн сом чогултушту

Turmush -  Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургундары көп жылдардан бери таза суунун тартыштыгына нааразы болуп келишет.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, айылдын күн чыгыш тарабында таза суу дээрлик жокко эсе.

«Өзүм 1954-жылы туулгам. Ошондон бери Баетов айылында жашап келе жатам. Бизге таза суу 1958-жылы курулган экен. Курулган жылдан 1990-жылга чейин суу чорголордон жакшы эле чыгып, ичип жүрдүк. 1990-жылдан тарта жер алдындагы таза суу түтүкчүлөрүнүн эскилиги жетип, кудайдын куттуу күнү жарылып, 100гө чукул суу чорголордун көбүнөн суу чыкпай калды. Андан бери бир дагы жолу оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Өзгөчө айылдын күн чыгыш тарабында таптакыр эле суу жок. Айылдын башында жалгыз скважина бар. Андан суу жерден сордурулуп чыгарылат. Ошондон чака-чайнек, канистр, челек менен ташып ичебиз. Анысы деле 2 саатка чыгарылат. Саат 12:00дөн саат 14:00гө чейин эле чыгат. Жетишсең алып каласың, жетишпесең суусуз каласың. Бизге көңүл деле буруп койгон жан жок», - деди Абдижалил Исаков.

Ал эми Баетов айылдык «Таза суу» ишканасынын жетекчиси Шайырбек Иманкулов таза суу чыгарууга долбоору, ал тургай өздүк салымы дагы даяр экендигин айтты.

«Таза суу системасы 1958-жылы курулган. Бирок, бир дагы жолу оңдоодон өткөн эмес. Бүгүнкү учурда жашоочулар таза сууга жетпей кыйналууда. Жер алдындагы суу түтүкчүлөр эскирип, күн сайын 4-5 жеринен жарылат. Жогорку бийликтегилер көңүл буруп коюшса. Себеби, таза суунун өздүк салымы даяр. Өздүк салым катары мындан 4-5 жыл мурун жашоочулар каражат чогултуп беришкен. Ал каражатты банкка депозитке салганбыз. 2 млн 400 миң сом өздүк салымыбыз даяр. Андан сырткары таза суу чыгаруу боюнча долбоордун сметалык документтери даярдалып бүткөн. Болгону каражат бөлүп беришсе эле иш башталмак. Эл таза сууга жетпей, көрүнгөн жерде чака-чайнегин көтөрүп алып жүрүшөт», - деди Ш.Иманкулов.

Аталган айылда 1960-жылы таза суу түтүктөрү курулуп, суу түтүгүнүн узундугу 17,5 чакырымды түзсө, суу чорголордун саны 75 даана болгон. 1991-жылы суу түтүктөрү оңдоодон өтүп, ага кошумча дагы 2,5 чакырым түтүктөр кошулса, чорголордун саны 84кө жеткирилген. Андан бери Баетов айылынын таза суу системасы бир дагы жолу оңдоп-түзөөдөн өтпөй, учурда суу түтүктөрүнүн 20 чакырымы, чорголордун 15 даанасы гана ишке жарамдуу болгону менен эскилиги жетип, өзгөчө кыш мезгилинде түтүктөр жарылып, жергиликтүү тургундар бир нече күнгө чейин таза суусуз калат. Мындан улам алар айылдан бир топ алыс булактардан суу ташып ичүүгө мажбур болушат. Айыл тургундардын айтымында, суу ташуунун мындай азабын тарткан жашоочулар арасында ичеги-карын, сарык, бруцеллез оорулары көп катталууда.

Мындан 3-4 жыл мурун «Таза суу» долбоорунун негизинде өздүк салым катары жашоочулар тарабынан 1 млн сом каражат чогултулуп, банкка депозитке өткөрүлгөн. Депозиттин эсебинен 640 миң сом кошулган.

2015-жылы мамлекеттик бюджеттен таза суу киргизүү үчүн долбоорлук-сметалык документтерде 2 млн 787 миң сом каражат каралып, долборлоо документтери бүткөрүлгөн. Бирок иш алдыга жылбай, айылдын эли бир канча жылдан бери таза сууга муктаж болууда. Өз учурунда бул маселе боюнча жашоочулар тиешелүү жерлерге кайрылууларды жөнөтүшкөн.

Баетов айыл өкмөтү эки айылдан турат, Баетов жана Кайыңды-Булак айылы. Жалпысынан 12 048 адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×