Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 12.09.2019 13:59

Катуу куюнда калган Мирлан оор абалда. Күбөлөр кырсык тууралуу айтып беришти

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын жана Ак-Суу районунун аймагында 10-сентябрда саат 20:30дарда катуу шамал катталган. Анын кесепетинен бир катар үйлөрдүн чатырлары учуп, Ак-Суу району 10 млн сомго чыгым тарткан. Ошондой эле, кыш заводдо эки адам жабыркап, бири жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Аймактык кабарчы жабырлануучулар менен таанышты.

Оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн Т.Мирлан 1986-жылы Жети-Өгүз районунун Жон-Булак айылында туулган, 3 кыздын атасы. Аталган заводдо атасынын ордунда 3 айдан бери иштеп жаткан.

«Мирландын атасы бул заводдо 4 жылдан бери иштеп келген. Өзүнүн эки иниси бар. Инисинин бири белин оорутуп алып, атасы аны Бишкек шаарына ооруканага алып кеткен. Ошондон бери Мирлан анын ордуна, келинчеги менен келип иштеп жаткан. Анын мүнөзү шайыр, тамашакөй жигит. Баарыбыз менен жакшы мамиледе, жумуш ал менен кызыктуу өтөт», - дейт кесиптештери.

Окуя болгон маалда Мирландын жанында 2 кесиптеши болгон.

«Ошол күнү мөндүр катуу жаап, электр энергиясы өчтү. Анан эшикке чыктык. Кирпич бышыруучу жайдын үстүндө турганбыз. Бир кезде катуу куюн көрүндү. Эки секундда бизге жетти. Мен балдарга «качтык» деп айтып, өзүм ылдый чуркап түшүп, кирпич бышкан жерге кирүүгө жетиштим. Ошол маалда Мирлан менен Арген кирпич бышкан жайдын үстүндө цемент менен бекитилип жасалган кампага кирип, эшигин бекитип алыптыр. Үстүмөн айнек, чатырлар, жогорку чыңалуудагы зымдар учуп жатты. Бизге жакын жерде күнөскана бар. Анын айнектери майдаланып, биз тарапты көздөй учту. Куюн 15-20 секундда өтүп кетти. Чуркап чыгып, Мирлан менен Аргенди издесем, Арген үн катып, Мирлан катуу жабыркаганын айтты. Алар кирип, куюндан жашынган темир куту 3,5 метр бийиктиктен жерге кулап түшкөн экен. Чуркап барып Мирланга жардам берип, чыгардык. Үйгө келинчегиме чалдым. Ал тез жардам чакырды. Бирок аны күтпөстөн унаа менен ооруканага алып жөнөдүк. Шок болуп, шашкангабы Жамансариев көчөсүнө жеткенде «Портер» үлгүсүндөгү унаасын капталынан сүзүп алдым. Анда 3 киши бар экен. Алар тез жардам чакырды. Анан бизге келген тез жардам заводго келип, анан кайра бизге барыптыр. Аны менен катар дагы бир тез жардам келди. Мирланды ооруканага жеткирдик», - - дейт заводдун жетекчиси Жумабек Жантаев.

Мирлан жандандыруу бөлүмүнө жаткырылса, Арлендин башын айнек тилип кеткен. Ал эми Жумабектин башы чайкалган. Экөө медициналык жардам алган соң үйүнө чыгышкан.
Завод 2005-жылдан бери иштейт. Ал жерде 12 адам иштеп, жылына 1 миллионго жакын кыш чыгарат.

Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын дарыгелеринин айтымында, учурда Мирландын абалы оор болууда.

«Бейтап башынан катуу жаракат алган. Гемотома бар. Ошондой эле, 7-8 кабыргасы сынып кеткен. 11- сентябрда кан басымы төмөн болуп, дары менен көтөрдүк», - дешти дарыгерлер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×