Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-сентябрь
Чүй облусуСокулук району 12.09.2019 13:18

Балбан кыз Н.Сарбашова Кореядан 2 алтын тагынып келди

Turmush -  Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын 30 жаштагы тургуну Нагира Сарбашова алыш күрөшү жана казак күрөшү боюнча Кореяда өткөн мелдешке катышып, 2 алтын медаль тагынып келди. Ал сербиялык балбан кыз менен беттешке чыккан. Нагира дал ушул кыздан Көчмөндөр оюндарында эки жолу утулуп калган болчу.

Сарбашова 2013-жылдан 2015-жылга чейин Кыргызстандын «Жылдын мыкты спортчусу» наамына ээ болуп, кыргыз күрөш боюнча эл аралык класстагы спорттун чебери наамына татыган. Ошондой эле алыш белбоо жана дзюдо боюнча Кыргыз Республикасынын жана эл аралык класстагы спорттун чебери наамы ыйгарылган. Ал дзюдо боюнча Кыргызстандын 13 жолку, алыш күрөшү боюнча Кыргызстандын 5 жолку чемпиону болгон.

«2-сентябрь күнү Түштүк Кореянын Чхунджу шаарындагы мелдешке бардым. Анда биринчи беттешим сербиялык спортчу менен болду. Эске салсам, Көчмөндөр оюндарында бул кыздан 2 жолу финалда утулгам болчумун. Мелдешке барганда эле ушул кызга туш болдум. Бирок, бул жолу аны оңой эле утуп алдым. Аны өзүм каалагандай көтөрүп чапканда кадимкидей моокунум канган кишидей сүйүндүм. Финалда Польшадан келген кыз менен күрөштүм. Аны да жеңип алдым. Алыш күрөшү боюнча мелдешке 35 мамлекет катышты. Кыргызстандан 3 кыз, 3 бала катышып, 2 алтын, 1 күмүш, 2 коло утуп келдик.

Эртеси ушул жерден казак күрөшкө чыктым. Анда алгач корей кыз менен күрөшүп, аны жеңип, казак кыз менен алыштым. Аны да утуп алган соң сербиялык спортчуну жеңип, дагы бир жолу алтын тагындым. Менин атаандаштарымдын ичинен 135 кг салмактагы казак кыз абдан күчтүү экен. Бирок, таза көтөрүп чаптым. Мен мында физикалык жана моралдык жактан абдан жакшы даярданып баргам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×