Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 12.09.2019 12:58

Сүрөт — Кадыржан Батыровго тиешелүү учактын учурдагы абалы

Turmush -  Маркум Кадыржан Батыровдун улутташтырылган мүлктөрүнүн катарында болгон ЯК-40 учагы 2010-жылдан бери «Манас» эл аралык аэропортунун Оштогу филиалында турат. Учууга жараксыз болгон учак эчак пайдалануудан чыккан. Бул маалыматты өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлк фондунун алдындагы «Элдик» ишканасынын жетекчиси маалымат жыйында суроолорго жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, мекеменин чарбалык башкарууга алган 24 объекттин 13ү мекеменин башкаруусунан чыгарылып, алардын жайгашкан жерине карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү сунушун көтөрүп жатышат.

«Биздин мекемеден чыгарып салууну көздөгөн объектилердин ичинде учууга таптакыр жараксыз болгон ЯК-40 учагы да бар. Ал Ош аэропортунда турган үчүн дагы биз ижарага төлөөгө мажбур болот экенбиз. Жетекчиликтин сүйлөшүүлөрү менен учак турган үчүн биз ижара төлөбөй турган болгонбуз. Ошондуктан аэропорт аны окууга макет катары колдонуп жатышыптыр. Учак турган жеринен учпайт. Ушул жагдайлар эске алынып, өздөрүнүн карамагына өткөрүп алуу сунушу айтылган. Жаңыдан жумушту баштаганда бардык объектилерди көргөнчө сүрөткө дагы тартып чыккам. Сүрөттө учак кандай абалда экени көрүнүп турат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×