Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 12.09.2019 12:35

Жумгалдагы үй-бүлөлөр китеп окуу боюнча жарышка түшүштү

Turmush -  Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылында «Окурман үй-бүлө» сынагы болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Сынак «Мен мекенимдин жүзүмүн» аттуу семинардын алкагында өтүп, окуучулар ата-энелери менен бирге китеп окуп жарышка түшүштү. Калыстар тобунун сыноосунан өткөн үй-бүлөлөр акчалай сыйлыкка ээ болушту. Сынакка Нарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраев, район акиминин орун басары Гүлбарчын Исакова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Фатима Өмүралиевалар күбө болушту.

Жеңүүчүлөр:

- 1-орун Нурай Шамсиева, баласы Тариель уулу Бекзат (10 000 сом);
- 2-орун Жаңыл Абдраимова, баласы Имангазиев Адис (5 000 сом);
- 3-орун Айзада Исаева, кызы Турсунбек кызы Алтынай (3 000 сом);
- 4-орун Жайнагүл Султаналиева, кыздары Сүйүнбек кызы Айжаркын, Сүйүнбек кызы Айгерим (2 000 сом);
- 5-орун Элмира Момбекова, кызы Асылбек кызы Гүлмира (1 000 сом).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×