Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Чүй облусуЖайыл району 12.09.2019 12:25

Суусамырда жааган кардан улам Чүйдүн малчылары көчүрүлүп жатат

снег, суусамыр
снег, суусамыр

Turmush -  9-сентябрда калың жааган кардан улам Суусамыр өрөөнүнүн Сандык, Сулуу-Төр, Тегерек-Кайың, Арамза жайлоолорундагы жайылдык малчылар көчүрүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-сентябрь күнү чабандар малдары менен ӨКМ тарабынан көчүрүлүп келген. 11-сентябрь күнү боз үйлөрдү көчүрүп келүү максатында ӨКМдин кызматкерлери Сандык жайлоосуна барып, чабандардын тиричилик буюмдарын көчүрүп келишкен. Көчүрүү иш-чаралары бүгүн да улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×