Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 12.09.2019 12:20

Жумгал райондук мамкаттоонун алды эмне үчүн унаа токтоочу жайга айланган? Мекеменин жообу

Turmush -  Жумгалдык тургундар райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынын алды унаа токтоочу жайга айланганын айтып, нааразы болууда.

Чаек айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн административдик комиссия аталган жердеги абалды көрүштү. Мамкаттоо кызматынын алдындагы Э.Матыев көчөсүнүн жээгиндеги бордюрлар атайын алынган жана мекеменин эки капталындагы бакчалар атайын жылдырылып, эки унаа бата турган жол ачылган.

Башкармалыктын кызматкерлеринин бири мекеменин алдына унаа токтотсо болорун айтты. Ал эми комиссиянын мүчөлөрү көчөнүн жээгинде жайгашкан кызматтардын алдына унаа токтотууга болбой турганын билдирди.

Аталган түзүмдүн башчысы Айбек Жумалиев: «Мекеменин алдына унаа токтотууга болбойт. Кызматкерим жаңылыш айтып алган. Ал жерге таш таман орнотулуп, адамдар отура турган 3D форматында жай курулат. Буюрса 15 миң сомго буйрутма бергенбиз. Кум төгүп, бир аз таптала берсин деп унаа токтотуп койгонбуз. Быйыл эскилиги жеткен мекеменин алдындагы тосмолор алынып, жаңыртылат», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×