Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 12.09.2019 17:52 На русском

Сүрөт — Бүгүн 60 жаштагы бейтап ооруканага кирери менен жанын кыйды (толукталды)

Turmush -  Кара-Балта шаарында эркек киши өз өмүрүнө кол салды.

Бүгүн, 12-сентябрда болжол менен саат 09:00 чамасында Кара-Балта шаарынын тургуну Г.В. Жайыл районундагы ооруканага ийне сайдырууга барган. Төртүнчү кабатта жайгашкан процедуралык кабинетке кирип, андан соң терезеден секирип каза болгон.

Маалым болгондой, болжол менен 60 жаштагы киши үйүндө жалгыз жашачу. Бишкекте турган бир кызы бар. Г.В. дарылануу курсун дүйшөмбүдөн баштап, күн сайын ийне алууга ооруканага келчү. Медайым бейтапты жаткырып, ийнени даярдоо үчүн кабинеттен чыгып кеткен учурда ал терезеден өз боюн таштаган.

Маркумду дарылоо курсуна коштоп барган адамдын айтымында, ал өз жанын кыя тургандай эч кандай себептер болгон эмес.

Жайыл райондук үй-бүлөлүк медициналык борборунун администрациясынын маалыматына караганда, 1954-жылы туулган бейтап Г.В. (2-топтогу майып) мээдеги кан айлануусу катуу бузулуп (2016-жыл), инфаркттан кийинки кардиосклероз менен жабыркап келген. 12-сентябрда саат 08:15 чамасында Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун невропатолог-дарыгери жазып берген ийнелерди сайдыруу үчүн Жайыл райондук үй-бүлөлүк медициналык борборунун процедуралык кабинетине кирген.

«Процедуралык кабинеттин медайымы бейтапка чечинип, процедурага даярдан деп айтып, өзү кошуна кабинетке кирген. Андан кийин ийненин системасын даярдоо үчүн ал кабинеттен чыккан. Медайым 8-10 мүнөттөн кийин күндүзгү стационардык дарылануу кабинетке кирген учурда аталган бейтап жок болуп чыккан. Ал Г.В.ны сыртка чыгып кеткен деп ойлогон. 10 мүнөттөн кийин ага бейтаптарды каттоо бөлүмүнөн Г.В.нын жансыз денеси көчөдө жатканын айтышкан», - деп айтылат маалыматта.

Аталган окуя Жайыл РИИБге кабарланган. Райондук үй-бүлөлүк медициналык борборунун аймагына орнотулган камералардагы видеолор укук коргоо органдарына тапшырылды.

Маркум Россиянын жараны болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×