Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 12.09.2019 10:03

26 жаштагы жигитти түнкү клубдун жанынан сабап кеткен эки адам кармалды (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы «Дина» түнкү клубунун жанында болгон жаңжалдан кийин эки жигит кармалды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2019-жылдын 9-сентябрь күнү саат 23:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын Барпы-Сейил көчөсүндө жайгашкан жаңы ачылган «Дина» түнкү клубунун жанында Базар-Коргон районунун 1993-жылы туулган тургуну Б.М.ди бейтааныш жигиттер пикир келишпестиктен улам зомбулук көрсөтүп, ур-токмокко алышкан. Б.М. денесинен жараат алып, Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Аталган факт Жалал-Абад ШИИБде Жазык кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, ага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Тергөө аракетинин жүрүшүндө Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткан Б.М. окуя болгон күнү кийип жүргөн кийимдери далил катары алынып, соттук-биологиялык экспертизалар дайындалган. Ошондой эле бул окуяга тиешеси бар делген адамдардын өздүктөрү аныкталып, шектүү катары 2 жаран тергөөгө жеткирилди.

10-сентябрь күнү Жалал-Абад ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан КРнын ЖПКнын 98-беренесинин негизинде шектүүлөргө карата кармоо токтомдору түзүлүп, Сузак районунун 1997-жылы туулган тургундары А.Т. жана А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×