Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 11.09.2019 16:51 На русском

 С.Писарева жашылча-жемиштерди күндө кургатуунун технологиясын айтып берди

Turmush -  51 жаштагы Светлана Писарева Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы техника-экономикалык колледжинде 18 жылдан бери эмгектенет. Ал аталган окуу жайдын базасында технологиялык адистер үчүн болуп өткөн республикалык окуу-семинарда жашылча-жемиштерди күнгө кургатуунун технологияларынын эксперименталдык аянтчадагы иш тажрыйбалары боюнча айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Э.Чодуевге жана семинардын катышуучуларына айтып берди.

Кара-Балта шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы техника-экономикалык колледжинде кайра иштетүү тармагындагы кичи жана орто тайпадагы технологиялык адистер үчүн республикалык окуу-семинар өткөн. Ага Жогорку Кеңештин депутаты Б.Субанбеков, министр Э.Чодуев жана облус, райондордон өкүлдөр катышышкан.

«Окуу жайыбызда республикалык окуу-семинар болуп өттү. Анда жашылча-жемиштерди күнгө кургатуунун технологиясы тууралуу айтып бердим. Министр жана катышуучулар көптөгөн суроолорду берди. Өзгөчө, кесипке даярдоодо студенттер менен практикалык-лабораториялык иштерди жүргүзүүнүн алкагындагы жумуштарга токтолдум. Мугалимдер студенттер менен биргеликте помидор, алма, баклажан, калемпир, сабиз, пияз, козу карын, укроп, райкан, чөптүн башка түрлөрүн күнгө кургатууну эксперименталдык аянтчабызда практикалык мүнөздө жүргүзүп келебиз. Эң негизгиси экологиялык жактан таза азык-түлүктөргө басым жасайбыз. Мисалы, помидордун глория сортун алалы. Аны шакекче түрүндө туурасынан же узунунан 1 см калыңдыкта кесип, күнгө кургатуучу атайын темир торчолорго салабыз. Үстүн айнек менен тосуп коебуз. Ошол мүнөттөн баштап байкоо жүргүзүп, күндүн энергиясын жана жемиштердин өзгөрүү абалын дептерлерге жазып келебиз. Башка жашылча-жемиштерди да ушундай эле ыкмаларда кургатууга болот. Мындай иш-аракеттер анализ-синтез методдору менен жүргүзүлүп, тамак-аштын сапатын жакшыртуу жана коопсуздугун камсыздоого басым жасалат. Албетте, колледж директору Трукмен уулу Тилектин окутуунун жаңы технологияларына басым жасаганынан улам окуу жайыбызда 6 жылдан бери күнгө кургатуу боюнча техжабдуулар иштеп келет.

Биздин иш тажрыйбабызга министр Э.Чодуев, орун басары А.Исаев жана өлкө аймагынан келген катышуучулар кызыгышты. Директорубуз жана мугалимдер тийиштүү суроолорго жеткиликтүү жооп бердик.

"Сапаттуу, экологиялык жактан таза, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоону жаштарга үйрөтүүдө окуу жайдын орду өзгөчө. Мен бул окуу жай жөнүндө жакшы билем. Директордун ишмердүүлүгү, мугалимдердин эмгеги башкаларга үлгү. Биз мындагы иш тажрыйбаларды жайылтуу максатын да көздөп келдик" деп айтты министр. Жагымдуу сөзгө мугалимдер кубандык. Семинардын катышуучулары көргөзмөлөр менен да таанышты», - деп айтты С.Исарева.

Кара-Балта шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы техника-экономикалык колледжде 11 багыт боюнча адистер даярдалат. Анда учурда 42 мугалим эмгектенип, 600дөн ашуун студенттерге кесиптик билим беришет. Семинардын жүрүшүндө министр Э.Чодуев окуу жайдын директору Трукмен уулу Тилекке «КРдин айыл чарбасынын отличниги» төш белгисин такты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×