Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Баткен облусуБаткен району 11.09.2019 16:15 На русском

Баткенде 2 унаа кагышып, 4 адам ооруканага түштү (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 11-сентябрда саат 9:30 чамасында Баткен районунун Бужум айылында 2 унаа кагышты. Бул тууралуу Баткен облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, Бужум—Баткен—Исфара унаа жолунда Баткен районунун Согмент айылынын 1987-жылы туулган тургуну З.И. айдап бара жаткан «Хонда Степвагон» менен Баткен шаарынын 1975-жылы туулган тургуну А.М. айдап бара жаткан «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаа кагышкан. Анын кесепетинен «Хонда Степвагондогу» жүргүнчүлөр — Баткен районунун Согмент айылынын 1964-жылы туулган тургуну Б.Ж., 1952-жылы туулган К.П., 1946-жылы туулган К.Б., 1966-жылы туулган Ж.Ч. жаракат алып, Баткен облустук бириккен ооруканасынын травматология бөлүмүнө жеткирилди.

Ал эми «Хонда Фиттин» айдоочусу А.М. мас абалда болгону аныкталды. Учурда бул факт боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×