Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 11.09.2019 16:08 На русском

Камчы Көлбаев Жайыл РИИБге барды

Turmush -  Камчы Көлбаев Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө барды. Бул тууралуу Turmush басылмасына өздүк булактар билдирди.

Айрым маалыматтарга караганда, ал 11-сентябрда болжол менен саат 15:30да барган. Мындан тышкары РИИБде ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери да бар.

Көлбаев Кара-Балта шаарында жүргөн.

Кийинчерээк Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, азыркы учурда Жайыл РИИБде алдамчылык боюнча сотко чейинки өндүрүш иши тергилип жатат. Ал Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 204-беренеси менен катталган.

Аталган сотко чейинки өндүрүш иштин бардык жагдайларын аныктоо үчүн ушул жылдын 11-сентябрында Жайыл РИИБге 1979-жылы туулган жаран күбө катары чакырылган. Бардык тергөө иш-чаралары бүткөндөн кийин ал бошотулган.

Азыркы тапта сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×