Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 11.09.2019 10:37

Караколдогу катуу шамалдан улам бир нече үйдүн чатыры бузулду

Turmush -  Кечээ, 10-сентябрда саат 20:00 чамасында Каракол шаарында катуу шамал болуп, айрым үйлөрдүн чатырларын учуруп кетти. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.

Маалыматка караганда, шамал А.Масалиев жана М.Элебаев көчөсүндөгү бир нече үйдүн чатырларын учуруп, электр тогу үзгүлтүккө учурады.

Ал эми ӨКМдин маалыматына караганда, шамалдан улам Масалиев, Мухтар, Нургазиев, Келечек көчөлөрүндө болжол менен 20 үйдүн чатыры бузулду. Кырсыктан адамдар жабыркаган жок. Келтирилген чыгымдар бүгүн, 11-сентябрда такталат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×