Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 10.09.2019 19:15

Жумгалдын борбордук көчөсү 1-октябрга чейин жабылды

Turmush -  Жумгал районунун борбордук Э.Матыев көчөсү 1-октябрга чейин жабылды.

Жумгал райондук №24 жол тейлөө мекемесинен билдиришкендей, райондун борбордук Э.Матыев көчөсүнүн этеги менен Э.Сапарбеков көчөсү асфальтталып жатат. Буга чейин айыл тургундары асфальтталган борбордук көчөнү көмүр тарткан унаалар талкалап жатат деп жергиликтүү бийликке нааразычылыктарын билдиришкен.

Учурда айдоочулар сырткы жол менен каттап жатышат.

Айыл тургуну Марат Данияров жол тейлөө мекемеси же ички жолду жасап жаткан фирма сырткы жолду сүрүп, айдоочуларга шарт түзүшү керектигин айтты.

«Ички жолду чоң унаалар өтпөсүн деп жаптырдык. Ал эми сырткы жол баткак болуп, унаа жүрө албай жатат. Ошол жолго көңүл буруп койсо жакшы болот эле. Атайын техника менен сүрүп, кум төгүп же жолдон чыккан эски асфальттарды төшөп койсо, айдоочуларга бир топ жеңил болот эле», - деди Данияров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×