Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 10.09.2019 16:24 На русском

29 жаштагы Улан Эмилбеков Улахол айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

Turmush -  Тоң районунун Улахол айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды. Бул тууралуу Тоң аймактык шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Бүгүн, 10-сентябрда Тоң районунун Улахол айыл өкмөтүндө шайлоо өттү. Ага айылдык кеңештин 21 депутаты тең катышты.

Башчылыкка эки талапкер ат салышып жаткан. Добуш берүүнүн жыйынтыгында Улан Эмилбеков 13 добуш, ал эми Ишенбай Жээнтаев 8 добуш алды.

Улахол айылдык кеңешинин депутаты Улан Эмилбеков 1990-жылы Тоң районунун Кара-Талаа айылында туулган. 2003-2008-жылдары К.Карасаев атындагы лицейде окуган. Кийин Кыргыз-түрк «Манас» университетинин экономика жана башкаруу факультетин аяктаган.

WhatsApp Image 2019-09-10 at 15.34.52

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×