Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 10.09.2019 09:00 На русском

Суусамырда калыңдыгы 10-15 см жеткен кар жаады (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 10-сентябрда түндө Суусамыр өрөөнүндө кар жаады. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, кардын калыңдыгы 10-15 см жетет. Аба ырайы суук болуп жатат.

Кечээ, 9-сентябрда Кыргызгидромет 10-сентябрда өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн экендигин кабарлаган.

Ал эми Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы аба ырайы өзгөргөнүнө байланыштуу Төө-Ашуу ашуусунда жол тайгак болуп жатканын эскерткен. Ашуудан өтө турган айдоочулар мындай кырдаалга унааларын даярдашы керектиги (дөңгөлөк, керектүү каражаттар) айтылган.

Буга чейин 6-сентябрда Бишкек—Ош жолундагы Ала-Бел ашуусунда кар жаагандыгы белгилүү болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×