Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу 09.09.2019 17:44

Майлуу-Суунун жаштары социалдык көйгөйлөрдү чечип жатышат

Turmush -  Майлуу-Суу шаарында демилгелүү жаштар каражат топтоп, социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө көмөк көрсөтүштү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, буга чейин алар айыл аймактын жолуна 57 миң сомго түнкү чырактарды орнотушкан.

«Жаштар өткөн жылдан тарта фонд түзүп, чет өлкөлөрдө иштеген мигранттар акча топтоп баштадык. Убакыт өткөн сайын катарыбыз көбөйүп баштады. Буга чейин фонддо 80 миң сомдон ашык каражат бар болчу. Анын 23 миң сомуна мечиттин тепкичтерин оңдоп, арткан 57 миң сомуна 1,5 чакырым жолго түнкү чырактарды орнотуп бергенбиз», - деди фонддун мүчөсү Акылбек Байтаев.

Буга чейин Базар-Коргон районунун Аук айылында чет өлкөлөрдө эмгектенген мигранттар эски маданият үйүн оңдоп, айыл жаштары үчүн заманбап спорт комплекси кылып куруп беришкени маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×