Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ош облусуНоокат району 09.09.2019 17:18

Жаш талант: Эстрада тобунун атын алып жүргөн 9 жаштагы Мираж тойлордо ырдайт. Видео

Turmush -  Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 9 жаштагы тургуну Мираж Нурлан уулу ырчы болууну кыялданат. Жаш курагына карабай атасы менен бирге тойлордо ырдап жүрөт. Жаш талант менен аймактык кабарчы таанышты.

Мираж Темир-Корук орто мектебинде 2-класста окуйт. Атасы Нурлан Акбаев музыкалык билимге ээ. Бирок студент кезинде тойлорго барып ырдап, окуусун таштап койгонун айтты. Учурда баласын ар тараптан колдоп келет.

«Өзүм музыкалык окуу жайда 3-курска чейин окуп, кийин тойлорго чыгып, акча кармап калганда окууну таштап койгом. Азыр окуумду бүтпөй калганыма өкүнөм.

Мираждын ысымы Россиянын белгилүү “Мираж” эстрада тобунун атынан коюлган. 3 уул, 1 кызым бар. Баары эле музыкага шыктуу. Мираж бешикте жатканда музыка коюп койсок уктай берчү. Басып калган убакта чака, дагара, кыскасы тапкан идишин барабан кылып ойночу. Былтыр мектепте ырдаганын угуп көрсөм үнү жакшы, анан нотага түшүп ырдайт экен.

Аппаратураларым эскирип калган, балам үчүн баарын жаңыладым. Мен өзүм аккордеон, музыкалык аппаратурам менен тойлорго барганда баламды жаныма алып алам. Кээде ырдагысы келип калганда өзү ээрчийт. Жубайым экөөбүз бир жакка кеткенде үйдө аппаратураны иштетип, андан кийин сабагына барат», - дейт Мираждын атасы Нурлан Акбаев.

Мираж көбүнчө шаңдуу той ырларын аткарат. Ал Данияр Эрматовго окшогон ырчы болууну каалай турганын, ошондуктан анын ырларын жаттап жатканын айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×