Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 09.09.2019 15:57

Кара-Көлдө Комуз күнүнө карата кыргыз күүлөрү жаңырды

Turmush -  Бүгүн, 9-сентябрда Кара-Көл шаарында Комуз күнү белгиленди, деп билдирет аймактык кабарчы. Иш-чарага мэр И.Еркеев, шаардык кеңештин төрагасы Б.Кыргызалиев катышты.

Анын алкагында залкар комузчулардын өмүр баяны, комузга байланыштуу окуялар, кызыктуу фактылар айтылды. Анда Ч.Айтматов атындагы балдар чыгармачыл үйүнүн комузчулары тарабынан 8 күү аткарылды. Мындан тышкары «Аксаамай» жана «Ак тилек» шайыр апалар тобу элдик ырларды аткарышты.

Кыргызстанда 9-сентябрда Комуз күнү белгиленет. Президент Сооронбай Жээнбеков «Комуз күнү жөнүндө» жарлыкка ушул жылдын 29-июлунда кол койгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×