Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусу, Ош 09.09.2019 10:19

Оштогу филармонияга жылуулук системасын орнотуп жаткан ишкананын үстүнөн прокуратурага арыз түштү

Turmush -  Ош шаарындагы Р.Абдыкадыров атындагы филармонияга жылуулук системасын орнотуу иштери аягына чыкпай жатканына жергиликтүү тургундар жана ишкерлер нааразы. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ушул жылдын 14-июнь күнү А.Навои көчөсүндө жайгашкан облустук Р.Абдыкадыров атындагы филармонияга жылуулук системасын орнотуу үчүн ЖЭБден түтүктөрдү тартуу иштери башталган. Бирок 20 күндө бүтөт деп айтылган жумуштар токтоп калган. Филармонияга жылуулук түтүктөрүн тартуу үчүн шаардын көчөлөрүндө казуу иштерин «Альянс Action» ишканасы жүргүзүп жатканы белгилүү болду. Ал долбоорду тендерден утуп алып, казуу иштерин ушул жылдын июнь айында баштаган.

Соодагер Мира Меңдибаева жумуштар башталгандан 1 жумадан кийин токтоп калганын айтууда.

«Казуу иштерин 3 ай мурун башташкан, бирок 1 жума иштеп, жумуштарды токтотуп коюшту. Бул жердеги казылган жерден чыккан чаң менин сатып жаткан кийимдериме зыянын тийгизип жатат. Дүкөнүмдүн алдына дагы лотокторду коюп коюшкан. Анын кесепетинен соодабыз токтоп калды. Кардарларымдын баары дүкөн жабык экен деп кетип калып жатышат. Биз бул жерди ижарага алып иштетебиз», - деди Мира Меңдибаева.

Шаар тургуну Бекболот Арстанбековдун айтымында, жылуулук түтүктөрү жөө адамдар баса турган тротуар аркылуу тартылып жаткандыктан, тургундар чоң жол менен басууга аргасыз болуп жатышат.

Ал эми филармониянын жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова долбоорго мамлекеттик бюджеттен 5,5 млн сом бөлүнгөнүн билдирди.

«Биз доолборду кайра башынан иштеп чыгуудабыз. Анткени буга чейин көрсөтүлгөн долбоор боюнча, жылуулук түтүктөрүн мурдагы "Алай" мейманканасынын алдынан алып өткөрүү керек болчу. Бирок ал жердин ээлери уруксат бербей койгондуктан казуу иштери токтотулуп, долбоорду кайра башынан даярдап жатабыз», - деди Г.Садыбакасова.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаровдун айтымында, тендерди утуп алган компаниянын үстүнөн шаардык жолдор башкармалыгы прокуратурага арыз менен кайрылган.

«Р.Абдыкадыров атындагы филармониянын жылуулук системасын ЖЭБге туташтыруу үчүн казуу иштерин "Альянс Экшн" жүргүзгөн. Тактап айтканда Ош шаарынын А.Навои, Курманжан датка, Ленин көчөлөрүндө казуу иштерин жүргүзүү үчүн мэрияга Р.Абдыкадыров атындагы филармониянын жетекчилиги тарабынан ушул жылдын 12-июнунда кат келген. Ага байланыштуу Ош шаардык жолдор башкармалыгы тарабынан казуу иштерине уруксат берилген. Жумуштарды бүтүрүү мөөнөтү 5-июлга чейин деп белгиленген. Бирок көчөнү калыбына келтирүү иштери өз убагында аткарылган жок. Ошондуктан шаардык жолдор башкармалыгы тарабынан 15-август күнү көчөлөрдү калыбына келтирүү иштерин тез арада бүтүрүү боюнча көрсөтмө берилген.Тиешелүү иштер бүгүнкү күнгө чейин аткарылбай келет. Анын негизинде аталган башкармалык Ош шаардык прокуратурасына арыз менен кайрылган», - деди Азамат Абсаттаров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×