Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 08.09.2019 13:38 На русском

Эл ичи — өнөр кенчи: Мугалим Аида Абдыкеримова эмне үчүн театрга кетти?

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылынын тургуну Аида Абдыкеримова 46 жашта. Ал мугалимдик кесипти аркалап жүрүп театрга келген. Учурда К.Акыев атындагы Жумгал райондук музыкалык драма театрын жетектейт. Аймактык кабарчы өнөр ээси менен таанышты.

Эмгек жолун 1996-жылы балдар бакчасынан тарбиячы болуп баштаган. Чаек айылындагы «Жоогазын» жана «Байчечекей» балдар бакчасында чет тилинен мугалим, андан соң М.Алыбаев, Т.Турсунбаева жана О.Ногойбаев атындагы мектептерде мугалим болуп иштеген. Мектепте директордун орун басары кызматына чейин көтөрүлгөн. Райондогу майрамдык иш-чараларды уюштуруп, активдүү болгондуктан мурдагы аким Адыл Исагуловдун, орун басары Динара Асановалардын сунушу менен аталган театрды жетектеп калган.

- Аида эже, сизге бул кызматыңыз жагабы?

- Өзүмдүн кесибим мугалим. Жолдошум Абдил Эдилов менен бирге Ысык-Көл облусундагы Касым Тыныстанов атындагы мамлекеттик университетин аяктаганбыз. Менин адистигим филолог, жолдошумдуку инженер-педагог. Райондогу оюн-зоок, кечелерди жана майрамдык иш-чараларды жакшы уюштурганым үчүн район жетекчилери аталган кызматка алып келишкен. Театр мага абдан жагат, искусствону терең түшүнгөнгө аракет кылам.

- Кыргыздын улуттук кийимин дайыма кийип жүргөнүңүздү көрөм. Элечекти кандайча кийип калдыңыз?

- Мен элечекти ушунчалык баалайм. Кыргыз элинин байбичесинин сулуулугун даңазалай турган улуттук баш кийимибиз деп эсептейм. Айжан Акылбекова деген кызыбыз Жумгалга келип, элечек боюнча фестиваль өткөргөн. Ошондон тартып кийип жүрөм. Улуттук кийимди кийгенде менде башкача сезим пайда болуп, өзүмдү бийик даражадагы адамдай сезип калам.

- Мугалим болуп жүрүп эле театрга кандайча келип калдыңыз?

- Мектептерде иштеп жүрүп, театрга капыстан эле келип калгам. Өкүнбөйм, бул тармак менен көп жерди көрдүм. Театрдын өзүнө тарта турган сыйкырдуу магиясын сездим. Алдыда көп пландарым бар, жаш, кесипкөй кызматкерлерди тартсамбы деп турам.

- Азыркы сиздер иштеп жаткан театрдын абалы мышык ыйлаарлык абалда. Жаш кадрлар барбы?

- Жумгал эли билет, театрыбыз учурда абдан өкүнүчтүү абалда турат. Жаңы театрда жаштар менен мыкты оюндарды коебуз деген үмүтүбүз бар. Буюрса жаңы театр салынып калар деп турабыз.

- Жеке жашооңуз тууралуу кеп салсаңыз?

- Жолдошум экөөбүз баш кошконубузга быйыл 25 жыл болуптур. 5 балалуу болдук, 3 кыз, 2 эркек. Кыздарым ырдап, бийлейт, уулдарым атасын тартып уста болот го деп ойлойм. Жолдошум жыгач уста, эмерек жасап келет. Ал мени жана искусство тармагын жакшы түшүнөт. Ар дайым колдойт. Улуу балабыз үйлөнгөн, неберем бар, чоң энемин.

Аялзаты бул дүйнөдө бактылуу болуш үчүн жаралган. Ошондуктан аял киши дайыма өзүн бактылуу сезиши керек. Аял кишинин үй-бүлөдө да, коомдо да таасири чоң. Мындан улам аны дайым жолдошу колдоп турушу зарыл.

- Сизди балет бийчиси деп уккам, эмнеге кесибиңизди өзгөрткөнсүз?

- Кичине кезден бийлейм, бийге шыгым бар. 3 жыл Фрунзе хореографиялык мектебинде окугам. Бирок ата-энем «балет бийчилеринин келечеги жакшы эмес» деп окутпай коюшкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×