Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 06.09.2019 17:39 На русском

«Өлүктөр сасып кетип жатат»: Кара-Көлдө соттук-медициналык эксперттин жоктугу боюнча көйгөй көтөрүлдү

город Кара-Куль
город Кара-Куль
// Фото из архива Turmush

Turmush -  Кара-Көл шаарында соттук-медициналык эксперттин жоктугуна байланыштуу кырсыктап ар кандай себептер менен каза болгон адамдардын денеси өлүкканада көпкө туруп калууда. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда өткөн шаардык коллегияда Кара-Көл ШИИБдин башчысы Аркыт Нусубалиев билдирди.

Ал шаар мэринен жана коллегиянын мүчөлөрүнөн бул маселени тезинен чечүү жолдорун карап чыгууну суранды.

«Жакында шаардын деңгээлинде чоң кырсык катталып, адам каза болду. Соттук-медициналык эксперттин жоктугу өтө көйгөй жаратууда. Бул боюнча өткөндө чогулушта да сөз кылдык эле. Өткөндө каза болгон аксакалды өлүкканада 2 күн кармадык. Жалал-Абаддан соттук-медициналык экспертизанын адиси келбей, телефондорун да албай койду. Барып таппай койдук. Денени 2 күн кармап, ысыкта сасып кетти. Жанагы жансыз дененин сасыганын айтпай эле коелу. Туугандары «эшикти талкалап алып кетебиз» дешти. Муну түшүнсө болот.

Экинчиден экспертиза болбогондон кийин эксперттин тактамасы берилбей калат. Каза болгон адамга өлгөндөн кийин кара кагаз алууда же артында жаш балдары калганда анын пенсиясын балдарына чегерүүдө соттук-медициналык экспертизанын тактамасы керек болот. Үчүнчүдөн бул тактама алынбай калып, ортодо маселелер боюнча талаш жаралса өлүктү кайра казууга туура келет. Ар кандай жагдай болууда. Ушул учурда шаар тургундарына чоң көйгөй жаралып жатат. Муну кезексиз сессияга да киргизип же коллегиялык чечим кабыл алып, өкмөткө чейин кайрылып чечүү керек болуп жатат. Ушул маселени чечпесек эл аябай кыйналууда. Токтогулда, Аксыда же Таш-Көмүрдө, Жалал-Абадда эксперт жок. Бул көйгөй 10 жылдан бери келе жатат. Бул нерсе бүгүн эле айтылып жаткан жок. Мен элдин атынан суранат элем, тез арада чечпесек болбойт. Анткени жол-транспорт кырсыгы күнүгө болуп жатат. Ким жол кырсыгына кабылбайт деген кепилдик бере алат? Өткөндө бирөөлөр кырсыктап, Оштон туугандары келишти. Ал өлүктү да соттук-медициналык эксперт жок 2 күн кармоого туура келди», - деди Нусубалиев.

Шаардын Б.Рысбеков атындагы жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун маалыматына караганда, өлүкканада муздаткыч жок.

«Өлүккана салкын, бирок жайында өтө ысып кеткендиктен денелер экинчи күнү жыттанып баштайт. Муздаткыч жок болсо дагы соттук-медициналык эксперттер биринчи күнү өлүк жаңы экендигин айтышат. Экинчи күнү убакыт өтүп, өлүк көп жатып калганын билишет», - деди дарыгерлер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×