Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 06.09.2019 15:40 На русском

Жалал-Абадда дарылоонун паллиативдик жардам көрсөтүү ыкмасын талкуулашты

Turmush -  Айыкпас дартка кабылган адамдарга өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүнө чейин жардам берүү үчүн паллиативдик кызмат көрсөтүү ыкмасы акырындык менен Кыргызстанда да өнүгүп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ооруканасында өткөн жыйында айтылды.

Паллиативдик кызмат көрсөтүү — бейтаптардын оорусун айыктырууга мүмкүн болбой калган учурда, алардын өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүндөгү кыйналууну жеңилдетүүгө багытталган дарылоо түрү.

Жыйынга «Бирге ракка каршы» коомунун төрайымы Гүлмира Абдразакова баштаган топ, облустук, райондук оорукананын жетекчилери, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун адистери, фармацевттер, социалдык кызматкерлер катышкан.

Жыйынга катышкандардын айтымында, оор дартка чалдыгып, керектүү медициналык жардамдын баарын алып бүткөндөн кийин жашоосунун акыркы мүнөттөрүн жакын адамдарынын жанында, кайгысыз өткөргүсү келген бейтаптар паллиативдик жардамга муктаж. Паллиативдик жардам — бейтаптардын азаптарын жеңилдетүү менен моралдык жактан колдоо көрсөтүүгө багытталган. Бул түшүнүк дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө өнүккөн. Кыргызстанда да акырындык менен ишке ашууда.

Гүлмира Абдразакованын айтымында, жыйында паллиативдик кызматты жайылтуу, ооруну басуучу каражаттардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо, аймактык ооруканаларда паллиативдик жардам көрсөтүү үчүн шарттарды түзүү маселелери талкууланды.

«Паллиативдик жардам — бул акыркы стадиядагы онкологиялык оорудан жабыр тарткан бейтаптарга жардам берүү болуп эсептелет. Кооптуу ооруга дуушар болгон бейтаптардын жана алардын үй-бүлөсүнүн кыйналуусун алдын алуу, оорунун себептерин эрте аныктоо жана ооруну туура баалап, туура дарылоо дегенди түшүндүрөт. Паллиативдик жардам онкологиялык ооруларга, ВИЧ, СПИД илдетине чалдыккандарга, прогресивдүү неврологиялык, жүрөктүн же бөйрөктүн жетишсиздигинин акыркы стадиясына чалдыккандар үчүн керек», - деди Г.Абдразакова.

Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун маалыматына караганда, облуста онкологиялык илдетке чалдыккан 2 миң 770 адам каттоодо турат. Алардын ичинен 225 бейтап 14 жашка чейинки өспүрүмдөр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×