Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу 06.09.2019 15:05 На русском

Майлуу-Сууда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө акысыз көмүр таратылууда (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарында аз камсыз болгон жана мүмкүнчүлүгү чектелген 200дөн ашык үй-бүлөгө акысыз көмүр таратылды. Бул тууралуу шаар мэри Нурадил Маматов аймактык кабарчыга билдирди.

Мэрдин айтымында, ар бир үй-бүлөгө 250 кг көмүр берилүүдө.

«2011-жылдан бери шаардын аймагынан көмүр казылып сатылат. Быйыл көмүр казган компания социалдык жардам катары аз камсыз болгон жана мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөргө көмүр таратуу боюнча кайрылышкан. Биз шаардагы 80 үй-бүлөнү жана шаарга караган Сары-Бээ, Көк-Таш айыл аймактарынан 150дөн ашык үй-бүлөнү тизмеге киргизгенбиз. Орточо эсеп менен бир үй-бүлөгө 250 кг көмүр тийип жатат», - деди Нурадил Маматов.

Майлуу-Суу шаарында 24 миңден ашуун адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×