Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Талас облусу, Талас 06.09.2019 15:27

Улуттук көчмөндөр оюндарына карата Таластагы ипподромду оңдоо иштери жүрүп жатат. Сүрөт

Turmush -  Талас районундагы Р.Алканов атындагы ипподромду куруу жана оңдоп-түздөө иштери аткарылып жатат.

Маалым болгондой, объект 2019-жылы республикалык бюджеттин эсебинен каржылана турган объекттердин тизмесине кирип, өкмөттүн 2019-жылдын 26-июнундагы буйругунун негизинде 30 млн 100 миң сом акча каралган. Техникалык тапшырмага ылайык трибуна кайрадан курулуп, административдик имарат, аткана, жарыш жолчосу курулуп, сырткы жарыктандыруу иштери аткарылат.

«Адис-Алай» ЖЧКсы менен 205 миң сомго келишим түзүлгөн. Долбоор иштелип чыгып, сметалык баасы 56 759, 103 миң сомду түздү.

Таласта өтүүчү Көчмөндөр оюндары 16-сентябрда башталат

Бүгүнкү күнгө курулуш-монтаждоо иштерине карата тендер 4 бөлүккө бөлүнүп, 16-август күнү өткөрүлгөн. Объекттин топтомо сметасы кайрадан эсептелип чыгып (асфальт төшөө иштери жана башка чыгымдары сметадан кемитилди), тендер жарыяланган. «Тунук-Курулуш» ЖЧКсы 1-лот боюнча 32 732,108 миң сом, 4-лот боюнча 2 253,392 миң сом менен жеңүүчү деп табылды. Ал эми «Ника КГ» ЖЧКсы 2-лот боюнча 4 983,157 миң сом, 3-лот боюнча 2 666,385 миң сом менен жеңүүчү деп табылып, жалпысынан 42 635,042 миң сомго келишим түзүлдү.

Өкмөттүн 2019-жылдын 26-июнундагы буйругунда көрсөтүлгөн 30 млн каражаттан тышкары объектти өз убагында тапшырууга дагы 12635042,78 сом керектелет. Аны болжол менен 2019-жылдын 20 сентябрында толугу менен бүткөрүү пландалууда. Азыр пайдубалы, колонналары, бетон куюу жумуштары 100%, кыш коюу 100%, темир конструкцияларын жасоо 30%, сырткы суу түтүктөрүн орнотуу 80%, чуркоо айлампасы 100% аяктап, кум төшөө иштери башталды.

Трибуна 2000 адамга ылайыкталган. Анын алдындагы бөлмөлөрдүн жалпы аянты 429,26 метр квадратты түзөт. Анын ичине душ, кийим чечүүчү, ажаткана, машыктыруучу, техникалык жана башка бөлмөлөр кирет. Мындан тышкары трибунада VIP зона каралган. Анын аянты 89,9 метр квадратты түзөт. Анын ичине VIP зона, VIP зал, санузел кирет. Бүгүнкү күндө объектиде жалпысынан 62 адам, 8 атайын техника иштеп жатат.

Мындан тышкары Талас районуна караштуу Чат-Базар айылындагы оорукананын 10 орундуу инфекциялык бөлүмүнүн курулушу жүрүп жатат. Анын курулушу 2017-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Сметалык наркы 15439,262 миң сом. Жалпы чыгымдардын наркы 13451,331 миң сомду түзөт. Курулуш иштери «Алтай-Строй» ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Курулуш башталгандан бери бардыгы болуп 13451,3 миң сом каржыланган. Анын ичинде курулуш-монтаждоо иштерине 12817,313 миң сом кетти. 2019-жылдын планында 2189,0 миң сом каралып, финансы министрлиги тарабынан 2189,0 миң сомго каржылоо ачылган. Аткарылган курулуш-монтаждоо иштердин көлөмү 7826,202 миң сомду түздү. Дебитордук карызы 4991,111 миң сомду түзөт. Бүгүнкү күндө пайдубалы, дубалы, чатыры, сантехника, электромонтаж иштери 100% аяктап, ички жана сырткы жасалгалоо иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×