Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусуЖайыл району 06.09.2019 13:52 На русском

Үрөй учурган жол кырсыкта аман калган 6 жаштагы кызга ата-эне, бир туугандарынын өлүмүн угуза албай жатышат

Turmush -  18-августта Жайыл районуна караштуу Суусамыр өрөөнүндө 3 унаа катышкан жол кырсыгынан бир үй-бүлөдөн 4 киши мерт кеткен. Жол кырсыкта аман калган 6 жаштагы кыз ооруканага жеткирилген. Маркумдардын жакындары аймактык кабарчыга билдиргендей, кичинекей кыз ата-энесинен жана бир туугандарынан айрылганын уга элек.

«Кыздын бутуна операция жасалды. Аны өткөн жуманын экинчи күнү ооруканадан чыгарып, айылга алып кеттик. Ата-энесин, бир туугандарын сурап жатат. Биз аларды башка ооруканада деп койгонбуз. Эми кантип угузарыбызды билбей жатабыз. Ал эми шектүү айдоочу тергөө иштери аяктаганча 2 айга камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат», - деп билдиришти маркумдардын туугандары.

Буга чейин Turmush басылмасы Суусамыр жайлоосундагы боз үйдө 2-3 күн эс алып, Бишкекке бара жатышкан үй-бүлө жол кырсыкка кабылып, 4 адам каза болгонун жазган.

Ушул жылдын 18-августунда болжол менен саат 10:00 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 174-чакырымында 3 унаанын — Талас облусунун 1995-жылы туулган тургуну А.Т. башкарган «Хонда-Торнео» үлгүсүндөгү автоунаа, 1980-жылы туулган А.Ж. башкарган «МАН-Т-40» май ташуучу унаа жана 1982-жылы туулган А.у.И. башкарган «Мазда GX-7» үлгүсүндөгү автоунаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен «Мазда GX-7» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу, анын 1982-жылы туулган жубайы А.Н., алардын балдары — 2006-жылы туулган А.Р., 2015-жылы туулган А.У. каза болуп, 2011-жылы туулган кызы ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилген.

21-августта Чүй ОИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан Бишкектин кичи райондорунун биринен кылмышка шектүү делип 1995-жылы туулган Т.А. аттуу жаран кармалган.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×