Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусу, Токтогул 05.09.2019 17:39 На русском

Мейманканада окуган окуучулар жана ай сайын ижара акы үчүн «сапырылган» миңдик акчалар

Мейманкана
Мейманкана

Turmush -  Токтогул шаарындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы №2 орто мектептин окуучулары быйыл дагы мейманканада билим алышууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган мектепте жалпысынан 1260 окуучу билим алат. Анын ичинен 1-класстан 4-класска чейинки окуучулар мектептин эски корпусуна, 5-класстан 11-класска чейинки окуучулар союз учурунда курулган «Кетмен-Төбө» деген аталыштагы жеке менчик мейманканага жайгаштырылган.

Токтогул шаарынын мэри Болот Болгонбаевдин айтымында, калаадагы Токтогул атындагы №1 жана Ж.Бөкөнбаев атындагы №2 орто мектептери, бир бала бакча АРИС тарабынан Бүткүл дүйнөлүк банктын каржылоосу менен «Чакан шаарларды өнүктүрүү» долбоору аркылуу капиталдык оңдоого алынууда.

Кыргызстанда Балыкчы жана Токтогул шаарларындагы саналуу мектептер гана заманбап оңдоого пилоттук катары кирген. Мында мектептин дубалы гана калбаса, чатырынан бери алмашууда. Долбоорго ылайык мектептерге санузел орнотуу, таза суу киргизүү жагы каралган. Эң негизгиси жер титирөөгө туруктуулугун жогорулатуу жана электр энергиясы аз сарпталган жылуулук менен камсыздоо болууда. Учурда үч объектиде тең жумуш кызуу жүрүүдө. Ал эми балдар убактылуу жайгашкан жайга ижара акы төлөнүүдө.

«Токтогул атындагы мектебинин окуучулары №39 кесиптик лицейдин 2-корпусуна киргизилди. Билим берүү министрлиги менен биргеликте утурумдук оңдоо иши жүрдү. Ж.Бөкөнбаев атындагы мектебинин окуучулары меймаканада окушууда. Шаар мэриясы мейманкана ээси менен келишим түзүп, айына 70 миң сомдон ижара акы берүүдөбүз. Былтыркы жылдын 1-сентябрынан жыл аягына чейин 280 миң сом төккөнбүз. Быйылкы жылдын декабрь айына чейин да келишим түзүлгөн. 9 айга 490 миң сом төлөнүп берилди.

Андан сырткары бала бакчанын тарбиялануучуларын да жеке ишкердин объектисине жайгаштырганбыз. Бул үчүн да айына 70 миң сомдон ишкерге ижара акы берилүүдө. Айына эки объектиге 140 миң сомдон ижара акы төгүлөт.

Жумуш алдыга жылып, белгиленген мөөнөттө бүтүп калышын биз да күтүп жатабыз. Бул убактылуу гана ыңгайсыздык болуп жатат. Жогорудагы мектеп, бала бакчабыз бүтүп калса, Кыргызстандагы алгачкы заманбап оңдоп-түзөөдөн өткөн соцобъектилер болуп калат», - деди калаа башчысы.

Ж.Бөкөнбаев атындагы мектептин оңдоп-түзөөсүнө 51 миллион 132 миң сом каралган. Оңдоо иштерин 2019-жылдын 20-декабрында бүткөрүү пландалганы менен иштин жай жүрүп жатканы көпчүлүктү ойлондурууда.

Оңдоо иштерин жүргүзгөн «Бий Ордо» ЖЧКсынын өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, жыл башында каражатка байланыштуу оңдоо иши 2 айга кечиккен.

«Жер силкинүүдө туруштук берүү үчүн жүрүп жаткан жумуш өтө кылдаттыкты талап кылгандыктан, иш жай жүрүп жатат. Жылуулук менен камсыздоо иши дубалдары аркылуу жүргөндүктөн да жайлап жатат. Бирок алар белгиленген убакытта бүткөрүү аракети көрүлүүдө», - деп билдиришти алар.

Шаардагы Токтогул атындагы №1 жалпы билим берүүчү мекемеге 58 миллион сом бөлүнгөн. Тендерден «Тунук Курулуш» ЖЧКсы утуп алган. Оңдоо иштери 40 пайызга бүтүп калды.

Токтогул районунда жалпысынан 42 мектеп бар. Анын ичинен 7си авариялык абалда, 9у капиталдык оңдоону талап кылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×