Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Чүй облусуПанфилов району 05.09.2019 16:43

Панфиловдо 3 млн сомдук келишимге кол койгон ишкерди алдап кетиштиби?

Turmush -  Панфиловдо ишкер бир айдан бери кардарлардан товарынын акчасын ала албай жатат.

Маалым болгондой, Панфилов районунун укук коргоо органдарына Вознесеновка айылындагы «Тянь-Шань Форель» ЖЧКсынын жетекчиси кайрылып, эки кишиге тийиштүү чара колдонуп берүүнү өтүнгөн. Анын айтымында, Ысык-Ата районунан эки киши — бири балыкчы, экинчиси ИИМдин мурунку кызматкери кубулжуган форелдин чабактарын сатып алуу боюнча кайрылышкан. 2019-жылы 5-августта расмий түрдө эки тараптуу келишим түзүлгөн. Бул документте чабактарды тиешелүү жакка жеткиргенден кийин бир жуманын ичинде 3 млн сом өлчөмүндөгү каражат «Тянь-Шань Форель» ЖЧКсынын эсебине которулат деп белгиленген. Бирок, арадан 1 ай өтсө да ишкер аталган каражатты алган эмес. Мындан улам ал милицияга арыз менен кайрылган.

«Балыкчы Эмил менен Рустам менин ишенимине кирип, 450 миң баш чабак алышкан. Бир ай өттү. Акчаны же товарды бере элек. Байланышка дагы чыкпай жатышат. Балким алар башка бирөөгө товарды сатып, каражатты бөлүп алышты», - деп айтылат арызда.

Арыз милицияга 22-августта түшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×