Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 05.09.2019 07:58 На русском

Курулуштагы кылмыш: Нарында «Авангард-Стройдун» жетекчиси кандай жазага тартылды?

Turmush -  Нарын шаардык соту Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Татыр айылындагы Отунчу Ногойбаев атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын курулушу боюнча кылмыш ишинин материалдарын карап чыкты.

Аталган мектептин окуучулары 5 жылга жакын убакыттан бери өмүрүн тобокелдикке салып, эски имаратта билим алып келишет. Бул мектеп 1972-жылы курулган, авариялык абалда.

Жаңы мектептин курулушу тууралуу бул шилтеме аркылуу окуй аласыздар.

- Нурбек (аты өзгөртүлдү К.Н.Ж.) 1961-жылы туулган, жогорку билимдүү, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментинин Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгындагы өндүрүштүк-техникалык бөлүмүндө башкы адис болуп эмгектеген. Убактылуу бул кызматтан четтетилген, 3 баланын атасы. Ага Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен айып тагылган.

- «Авангард-Строй» ЖЧКнын директору Тимур (аты өзгөртүлдү К.Н.Ж.) 1968-жылы туулган, жогорку билимдүү, 4 баланын атасы. Ага Жазык кодексинин 43-беренесинин 3-бөлүмү (кылмыш жасоого башка катышуучуну көндүргөн), 320-берененин 2-бөлүмү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен айып тагылган.

Тергөө органдарынын маалыматына караганда, Нурбек Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин 2016-жылдагы буйругунун негизинде аталган объектинин курулуш иштеринин тиешелүү жумуштарын көзөмөлдөөчү болуп дайындалып, бирок өзүнүн функционалдык милдеттерин аткарбай, кызматтык абалдан пайдаланып, коомдун жана мамлекеттин мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарын, таламдарын бузган.

2014-жылы Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгы менен «Авангард-Строй» ЖЧКсынын ортосунда өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгы менен Отунчу Ногойбаев атындагы орто мектебинин 275 орундуу жаңы имаратын куруу жөнүндө келишим түзүлгөн. Жаңы имараттын сметалык баасы — 64 млн 844 миң 760 сом.

2018-жылы мартта Тимур курулуш объектисине келип, мектептин курулушу үчүн мамлекеттик бюджеттин эсебинен бөлүнгөн каражаттан өзүнө пайда табууга ниеттенип, Нурбек менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Андан соң алар курулуштагы жумуштун тиешелүү көлөмү аткарылбагандыгын билип туруп, 2017-2018-жылдары аткарылган жумуш боюнча документке кол коюшкан.

Жооптуу кызматкерлердин мыйзамсыз иш-аракеттеринин кесепетинен келтирилген зыяндын жалпы суммасы 8 млн 143 миң 716 сомду түзгөн. Бирок тергөөнүн жүрүшүндө көз карандысыз курулуш-техникалык эксперттер дайындалып, аткарылбаган жумуштун көлөмүн текшерип чыгышкан. Жыйынтыгында мамлекетке 807 миң 530 сом өлчөмүндө зыян келтирилгендиги аныкталган.

Сот залында Нурбек менен Тимур күнөөлөрүн моюндарына алышты.

Жыйынтыгында сот Нурбекти күнөөлүү деп таап, 260 миң сом (2 600 эсептик көрсөткүч) айып пул салды. Тимур дагы күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом (2 600 эсептик көрсөткүч) айып пул салынды.

Мындан тышкары келтирилген материалдык зыянды (807 миң 530 сом) мамлекеттин пайдасына төлөтүү чечими кабыл алынды.

«Авангард-Стиль» курулуш компаниясынын «Авангард-Строй» ЖЧКсына тиешеси жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×