Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 04.09.2019 17:30 На русском

Сузакта пенсионер мугалимди окуучулары кетмен менен сабап кетишти (видео, сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 67 жаштагы пенсионер Юрий Губайдулин өзүнүн мурунку эки окуучусунун ур-токмогуна кабылды.

Маалым болгондой, жабырлануучу Ю.Гагарин атындагы орто мектепте 45 жылдан бери эмгектенет. Окуя 25-августка караган түнү болгон. Ал чарбагына сугат суу буруп келүү үчүн барып, суу талаштан улам токмок жеген.

«Ошол күнү кошунам чарбагын сугарып жаткан. Андан кийин кимдин кезеги экенин сурасам, ал менин кезегим экенин айтты. Саат 21:00 чамасында коңшум Каныбек телефон чалып, менин кезегим жеткенин айтты. Саат 23:00 чамасында арыкта суу азайып баштап, бир нече убакыттан кийин такыр келбей калды. Сууну карайын деп көчө бойлой басып бара жатып, кесилиштен кошунамды жолуктуруп калдым. Ал сууну өзү тарапка буруп жатыптыр. Мен ага биздин кезек экенин түшүндүрүүгө аракет кылдым. Экөөбүз кайым айтыша кеттик, ал өзүнүн агасына телефон чалып жаткан. Ошол учурда Э.Т. жерден кетменди алып, мени согуп жиберди. Мен эс-учумду жоготуп жыгылып калдым. Бетиме болгон соккудан улам эсиме келдим. Катуу ооруганынан улам алар менин жаагымды сындырышканын айттым. Алар болсо мага окшогон адамдарды өлтүрүп салуу керектигин айтышты. Алган жараатымдан улам эптеп үйгө жеттим», - деди ал.

Юрийдин жубайы Абдуллина Альфиянын айтымында, экөө тең өмүрүн балдарга билим берүүгө арнашкан.

«Ошол күнү кошунабыз кезек биздики экенин айтты, саат 21:00 чамасында бара турган болду. Түн бир оокумда бети-башы кан болуп кирип келди. Андан кийин жолдошумду урган адамдын жакындары — Тимур менен Темирлан үйгө кирип келишип, жолдошумду менин көзүмчө да сабап жиберди. Алардан кетүүнү талап кылдым. Тимур сыртка чыгып баратып, «мен сени өлтүрөм» деп кыйкырып кетти. Мен жолдошумду ооруканага жеткирүүнү гана ойлонуп жаттым. Алар кеткенден кийин кошунага бардык, алар бизди ооруканага жеткиришти», - деди ал.

Жабырлануучуну Жалал-Абад облустук ооруканасынын травматология бөлүмүнө алып келишкен. Медициналык кароодон кийин жаактары сынганы, баш мээси чайкалганы аныкталып, ооруканага жаткырылган.

Губайдулиндин айтымында, 26-августта Э.Т. дагы жаңжалдан кийин ооруканага түшкөн.

Аталган факт боюнча пенсионер өлкө башчысына жана «Кылым шамы» укук коргоо борборуна кайрылган. Анын кызыкчылыгын укук коргоочу Абдуназир Маматисламов коргойт.

Анын айтымында, азыр кылмыш иши козголо элек. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусун күтүп жатышат.

«Аксакалдын ишин карап жаткан Сузак РИИБдин тергөөчүсү менен сүйлөшкөнүмдө жабырлануучуну суракка ала электигин, эки тарапты беттештирүү боло электигин айтты. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын сураганымда чыга электигин айтты. Ошол соттук-медициналык экспертизанын кызматкерлерине 2-сентябрда бардым, алар бул кишинин делосун издеп калышты. Ал күнү мугалим операция болду. Тергөөчү дагы соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатат», - деди ал.

Жалал-Абад ОИИБден билдиришкендей, иштин материалы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине ээнбаштык катары катталды. Пенсионерди ур-токмокко алган шектүү 2001-жылы туулган. Ал дагы Октябрь аймактык ооруканасына жаткырылган.

Э.Т. — Тимурдун уулу. Алар Губайдулиндин мурунку окуучулары болуп саналат. Темирлан Тимурдун аталаш бир тууганы. Айрым маалыматтар боюнча, алардын үй-бүлөсү Жалал-Абад шаарында ресторан иштетишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×