Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Баткен облусуБаткен району 04.09.2019 12:46

Баткендин Миң-Булак айылындагы мектептин кошумча имараты пайдаланууга берилди

Turmush -  Кечээ, 3-сентябрда Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Миң Булак айылындагы Миң-Булак башталгыч мектебине курулган кошумча имарат ачылды. Бул тууралуу акимчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, бул имарат 60 окуучуга ылайыкташтырылган. Аталган мектеп буга чейин башталгыч мектеп болуп, 4-класска чейинки окуучулар билим алып келишкен. Ал эми 5-класстан жогорку окуучулар 3-4 чакырым алыстагы Миң-Өрүк айылындагы мектептен билим алышчу. Быйылкы жаңы окуу жылынан тарта окуучулар алыска барып билим албастан, Миң-Булак орто мектебинде окушат.

Учурда аталган мектепте жалпы 227 окуучу бар. 21 окуучу мектепке чейинки даярдоо классында окушса, 27 окуучу 1-класска кабыл алынды. Мектепте жалпы 15 мугалим иштейт.

Миң-Булак калктуу конушу айыл макамын 2019-жылдын 19-августунда алган. Тиешелүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×