Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Ош облусуНоокат району 03.09.2019 17:55 На русском

Ноокаттык майор мүмкүнчүлүгү чектелген айылдашына 1 айда үй куруп берди. Сүрөт

Turmush -  Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнүн тургуну Толкунбек Турдукулов мүмкүнчүлүгү чектелген айылдашына 3 бөлмөлүү үй куруп берди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Толкунбек Турдукуловдун айтымында, мүмкүнчүлүгү чектелген айылдашы буга чейин авариялык абалдагы үйдө жашап жаткан.

«Муса аялы экөө тең мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар. 4 балалуу болушкан. Алардын экөө да майып. Муса таятасынын колунда чоңойгон, туугандары деле жок болчу. Айылдаштар айтканынан барып көрсөм, үйү кулайын деп калыптыр. Бир айда 3 бөлмөлүү үйдү куруп бердим», - дейт Толкунбек Турдукулов.

Т.Турдукулов милициянын отставкадагы майору, учурда жеке ишкерлик менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×