Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кочкор-Ата 03.09.2019 13:08

Кочкор-Ата шаардык колледжинде 2,7 млн сомго жаңы спорт аянтча курулду (сүрөт)

Turmush -  Кочкор-Ата шаардык колледжинде 2-сентябрда жаңы курулган спорт аянтча ачылды.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, иш-чарага Кочкор-Ата шаарынын вице-мэри Немат уулу Жайнак, колледждин директору Эктибар Молдокеримова, мугалимдер жана студенттер катышты.

«Спорт аянтчанын курулушу үчүн 4 млн 800 миң сомго тендер жарыяланган. Андан «Пирамида курулуш» ЖЧКсы 2 млн 700 миң сом утуп алган. Ушул жылдын июнь айында курулуш башталып, бүгүн пайдаланууга берилди. Каражаттын 1 млн 600 миң сому республикалык түрткү берүүчү гранттын эсебинен болсо, 1 млн 200 миң сому шаардык бюджеттен бөлүндү», - деди мэриянын сатып алуулар бөлүмүнүн башчысы Гүлбарчын Осмонова.

Колледждин директору Э.Молдокеримова буга чейин студенттер ачык талаада машыгып келишкенин айтты.

«Спорт аянтча жок болгондугуна байланыштуу колледждин студенттери ачык талаадагы стадиондо машыгып келишкен. Эми жаңы аянтча курулуп, студенттерге шарт түзүлдү», - деди Э.Молдокеримова.

Колледжде 9 адистик боюнча 1200дөн ашуун студент билим алса, 60ка жакын мугалим эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×