Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 02.09.2019 19:50

Жалал-Абаддагы №1 мектепке өкүл 100 миң сомдук электрондук такта берди

Turmush -  Бүгүн, 2-сентябрда Жалал-Абад шаарындагы №1 Бабкин атындагы мектепте Билим күнү белгиленди, деп билдирет аймактык кабарчы.

Иш-чарага өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн социалдык мониторинг бөлүмүнүн башчысы Гүлзат Аширова, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев катышты.

Анда Г.Аширова окуучуларды өкүлдүн атынан Билим күнү менен куттуктап, ушул мектептин окуучулары предметтик олимпиадаларда, жалпы республикалык тестирлөөдө алдыңкы орунга жетишип келерин белгиледи. Ошондой эле ал өкүлдүн фондунан бөлүнгөн 100 миң сомго алынган электрондук интерактивдүү тактаны мектептин жетекчилигине тапшырды. Ал эми окуучулар чакан концерттик программа тартуулашты.

Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ы.Калчаевдин айтымында, Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында 1-класска келген балдар электрондук каттоо аркылуу кабыл алынды.

«Электрондук каттоо системасы мектептеги теңсиздикке, тааныш-билиштикке, коррупцияга бөгөт коёт экен. Билим берүү тармагына карата айтылган нааразычылыктар да азайды. Быйыл 1-класска 250 окуучу электрондук каттоо аркылуу кабыл алынды», - деп билдирди ал.

Мектептерди электрондук такта менен камсыздоо боюнча Ноокен району алдыда келе жатат. Тактап айтканда, Ноокен районунда 32, Ала-Букада 24, Чаткалда 16, Сузакта 13, Базар-Коргондо 9, Жалал-Абад шаарында 6 такта бар. Жалпы 148 электрондук такта алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×