Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 02.09.2019 18:56

Ш.Султанов атындагы мектеп Түптөгү мыкты мектеп деп табылды

Turmush -  Түп районунун Ш.Султанов атындагы Ой-Тал орто мектебинде Билим күнүнө арналган иш-чарага Түп районунун акими Элчибек Жантаев катышып, мектептин жамаатын, ата-энелер менен мектеп окуучуларын жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарада аким мектептин жамаатын 2019-жылдын март айында башталган райондун калктуу конуштарынын социалдык инфраструктурасын, санитардык абалын жакшыртуу, аймактарды көрктөндүрүү, экологиялык абалын жакшыртуу, бак-дарактардын аянттарын көбөйтүү иштеринин жыйынтыгы боюнча «Мыкты мектеп» наамын утуп алышы менен куттуктап, мектептин директору Айнура Абдрахмановага муздаткычты тапшырды.

Алгачкы коңгуроо кагылгандан кийин 1-класстын босогосун аттап жаткан 54 окуучуну 11-класстын окуучулары билим күнү менен куттукташып, белектерин тапшырышты.

«Биздин эки кабаттуу мектеп 2014-жылы, заманбап спорт зал 2019-жылы пайдаланууга берилген. Билим майрамына 349 окуучу катышып, 54 окуучу (2 класс) мектеп босогосун жаңы аттап жатышат», - деди мектептин директору А.Абдрахманова.

Маалым болгондой, райондогу бардык мектептерде 1-4-класстардын окуучулары үчүн «Менин досум — компьютер», 5-8-класстардын окуучулары үчүн «Санарип технологиялары адамдын турмушунда», 9-11-класстардын окуучулары үчүн «Бүгүнкү күндүн жана санариптик келечектин кесиптери» деген темада ачык сабактар өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×