Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ош облусу, Ош 02.09.2019 15:37 На русском

Ошто жер-жемиштердин баасы кандай? Видео

Turmush -  Ош шаарындагы базарларда мөмө-жемиштердин баасы былтыркы жылга салыштырмалуу арзан. Бул тууралуу аймактык кабарчыга соодагерлер билдиришти.

Ош шаарындагы дыйкандардын айтымында, быйыл аба ырайы ысык болгонуна байланыштуу түшүмдү толук жыйнай албай калышкан. Быйыл коон-дарбыздардын баасы кымбаттаса, башка жер-жемиштердин баасы арзан болууда. Ал эми кыштын камын ойлоп, кыям, салат даярдоо үчүн базарга соода кылганы келгендердин саны көп.

Ош шаарынын борбордук базарында дарбыздын 1 даанасы (чоңу) 100-200 сом, коондун 1 даанасы (чоңу) 100-250 сомго чейин сатылууда. Анар көбүнчө Өзбекстандан алынып келип, килограммы 100 сомдун тегерегинде болууда.

Орточо баа (кг):

- Бадыраң — 35-40 сом;

- Помидор — 40-50 сом;

- Капуста — 25-30 сом;

- Баклажан — 25 сом;

- Жүзүм — 70-100 сом;

- Картошка — 10-25 сом;

- Пияз — 20-25 сом;

- Шабдалы — 20-50 сом;

- Алма — 60-100 сом;

- Алмурут — 50-80 сом;

- Малина — 60-100 сом;

- Сарымсак — 100сом;

- Сабиз — 30 сом.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×